Загрузка документа…
АЛА-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-февралы № 71
Ала-Арча айыл аймагында коммуналдык төлөмдөрдүн ченемин бекитүү жөнүндө
Ала-Арча айыл аймагынын киреше боюнча жетектөөчү адиси К. Омурзакованын “Ала-Арча айыл аймагында коммуналдык төлөмдөрдүн ченемин бекитүү” боюнча сунушун карап жана талкуулап Ала-Арча айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Арча айыл аймагында коммуналдык төлөмдөр төмөнкү ченемде бекитилсин:
Иче турган сууга – 20 сом/киши ай сайын
Канализация- 20 сом /киши ай сайын
Огороддорду сугарууга – 18 сом /сот
Ичкен суу менен сугарууга – 25 сом /сот ай сайын (сугат мезгилинде )
Таштанды чыгарууга – 5 сом/киши ай сайын
Мрамор орто мектебинин мугалимдерине жана бала-бакча тарбиячыларына ичкен сууга жана канализацияга 100% женилдетүү берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү бюджет жана каржы боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Мажитов |