Загрузка документа…
АЛА-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-февралы № 72
Мрамор орто мектебинин жаш адистерине, бала-бакчанын тамак-ашына, ФАПтарга биринчи медициналык жардамга жана аймактын тескөөчүсүнө акча каражатын бөлүү жөнүндө
Ала-Арча айыл аймагынын каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Э. Бакасовдун «Мрамор орто мектебинин жаш адистерине, бала-бакчанын тамак-ашына, ФАПтарга биринчи медициналык жардамга жана аймактын тескөөчүсүнө акча каражатын бөлүү жөнүндө» сунушун карап, талкуулап, Ала-Арча айылык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Алтын-Бешик» бала-бакчасында тарбияланган балдардын тамак-ашы үчүн жергиликтүү бюджеттен кошумча 38 сом ар бир балага ай сайын бөлүнсүн.
Бала-бакчанын адистери жана жумушчулары үчүн ата-эне төлөмү 50% жеңилдетилсин.
Мрамор орто мектебинин жаш адистерин колдоо максатында:
- Бишкек шаарынан каттап иштеген мугалимдердин жол кирелери ай сайын төлөнүп берилсин.
2. Муктаж болгон үй-бүлөөлөргө биринчи медициналык жардам көрсөтүү максатында дары-дармек алуу үчүн ай сайын Мрамор айылынын ФАП башчысы Исабекова С.И. 500 сом жана Рассвет айылынын ФАП башчысы Белекова Г. 350 сомдон акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп турсун.
3. Ала-Арча айыл аймагында кылмыштуулукка жол бербөө үчүн аймактык тескөөчүсү Н. Иманкуловго жума сайын 25 л. бензинге акча каражаты бөлүнсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү бюджет жана каржы боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Мажитов |