Загрузка документа…
АЛА-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-февралы № 73
Материалдык жардам көрсөтүү боюнча
Ала-Арча айыл аймагынын социалдык коргоо боюнча адиси Ч. Осмонованын “Көп балалуу, майып, согуш ардагер, апрель окуясынын катышуучусу, Афган согушунун катышуучусу, каза болгон үй-бүлөөлөргө жана арыз менен кайрылган муктаж болгон үй-бүлөөлөргө жардам берүү” боюнча сунушун карап, талкуулап, Ала-Арча айылык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мрамор айылынын тургуну 2-группанын майыбы Аширова М. үй-бүлөөлүк шартына байланыштуу ай сайын 1000 (бир миң) сомдон бөлүнүп турсун.
2. Көп балалуу, майып ж.б. өтө муктаж болгон үй-бүлөөлөргө арыз менен кайрылуунун негизинде 1000 сомдон 10000 сомго чейин материалдык жардам көрсөтүлсүн.
3. 10000 сомдон 30000 сомго чейин көрсөтүлө турган материалдык жардамдар айылдык кеңештин сессиясында каралсын.
4. Каза болгон айыл тургундарына көмүү үчүн туугандарынын арызынын негизинде 5000 сом бөлүнүп берилсин.
5. Согуш ардагерлерине, катышуучуларына, Афган согушунун катышуучуларына, Апрель окуясынын баатырларына бир жылда бир жолу 2000 сом жардам көрсөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кеңештин социалдык коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Мажитов |