Загрузка документа…
АЛА-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-февралы № 74
Ала-Арча айыл аймагында коммуналдык тейлөөлөрдүн ченемин бекитүү жөнүндө
Ала-Арча айыл аймагынын коммуналдык чарба жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адисинин милдетин аткаруучу Р. Кермакуновдун “Ала-Арча айыл аймагында коммуналдык тейлөөлөрдүн ченемин бекитүү” боюнча сунушун карап жана талкуулап Ала-Арча айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ала-Арча айыл аймагында коммуналдык тейлөөлөр төмөнкү ченемде бекитилсин:
Экскаватордун тейлөөсү – 400 сом/с + 10л. күйүүчү май
Ассенизатор унаасынын тейлөөсү – 400 сом + 8 л. күйүүчү май
Бус – Спринтерди жалдоо – Бишкек ш. – 200 сом/саат
Башка региондорго – 9 сом/км+ күйүүчү май чыгымына жараша
“Хово” жүк ташуучу автоунаанын тейлөөсү:
- таштандыларды чыгаруу үчүн – 200 сом + 5 л. к. май
- жүк ташуу үчүн – 10 сом/км+ күйүүчү май км
Комплекстүү тейлөө (таштандыларды чыгаруу үчүн):
- жүктөө – 100 сом + 4 л. к. май
- чыгаруу – 100 сом + 4 л. күйүүчү май
2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү коммуналдык чарба бөлүмүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Мажитов |