Загрузка документа…
АЛА-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-февралы № 76
Ала-Арча айыл аймагындагы айыл-чарба багытындагы жер салыгынын ченемин көтөрүү боюнча
Мамлекеттик салык кызматынын Аламүдүн району боюнча башкармалыгынын “ Аймактагы айыл-чарба багытындагы жер салыгынын ченемин көтөрүү” боюнча кайрылууларын карап жана талкуулап, Ала-Арча айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ала-Арча айыл аймагынын айыл чарба багытындагы жер салыгынын ченеми жана зоналдык коэффициентинин өлчөмү төмөндөгүдөй бекитилсин:
сугат жерден 1 га – 400 сом/жылына
кайрак жерден 1 га – 59 сом/ жылына
көп жылдык өсүмдүк- 209 сом/жылына
жайыт жерлерине – 10,80 сом/жылына
Зоналдык коэффициент – 1,0
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ала-Арча айыл аймагынын башчысына жана айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Мажитов |