Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-июну № 1
Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2017-жылдагы каралган сметасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Бешик-Жон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн 2017-жылга каралган сметасынын киреше жана чыгаша бөлүмдөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Н.Олжобаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинде 2017- жылга каралган сметасынын III-кварталынын киреше жана чыгаша бөлүмдөрүнө учурдагы көйгөйлүү зарыл маселелерди чечүү үчүн үнөмдөлгөн чыгаша статьяларынан керектүү статьяларга жылдырылып өзгөртүү киргизилсин.
2. 2017-жылдын II кварталында Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн атайын каражатына келип түшкөн 4 млн акча каражаты, айыл өкмөттүн атайын каражатынын 701 бөлүмүнүн 3111 статьясына коюлуп чыгымдалсын.
3. 2017-жылдын II кварталында Бешик-Жон айыл өкмөтүнө Республикалык бюджеттен келип түшкөн 1 млн акча каражаты, жергиликтүү бюджеттин 701бөлүмүнүн 3111- статьясына 880миң сом, 3112 статьясына 120,0 миң коюлуп чыгымдалсын.
4. Жайыт комитетинен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө түшө 92,0 миң сом жер салыгы , киреше бөлүгүнүн планынан кыскартылгандыгына байланыштуу чыгаша бөлүгүнүн 704 бөлүмүнүн 3112 статьясынан кыскартылсын.
5. Бул токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга жүктөлсүн.
7. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Масабиров |