Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-июну № 3
Жер которуу (трансформациялоо ) жөнүндө
Бешик-Жон айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Базаркуловдун Бешик-Жон айыл аймагынын жарандарын турак жай участкасы менен камсыз кылуу максатында түзүлгөн жер комиссиясынын негизинде такталып чыккан жер которуу(трансформациялоо) жөнүндөгү түзүлгөн билдирүүсун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл аймагынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу максатында 104,92га жер аянттарын жер которууга(трансформациялоого) берүүгө уруксат берилсин.
2. Тиешелүү юридикалык иш кагаздарын тактап мыйзамдаштыруу жагы райондук Мамлекеттик жер каттоо башкармасынан суралсын..
3. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга жүктолсүн.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешик-Жон айылдык кеңешинин алдындагы Мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жана агрардык саясат, азык-түлүк, экология жана жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Масабиров |