Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-июну № 4
Жаңы конуш көчөлөрүнө ысым берүү жөнүндө
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы ,Бешик-Жон айылынын тургуну айыл өкмөткө жазган атасы Сакыев Калдарбектин ысымын Бешик-Жон айылындагы Чымчык жардагы жаны түшкөн көчөгө коюп берүүсүн сурап кайрылган арызынын негизинде өткөрүлгөн айылдык жыйындын протоколун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айылындагы Чымчык жардагы жаңы конушка Бешик-Жон айылынын тургуну маркум Сакыев Калдарбектин ысымы берилсин.
2. Көчөнү жашылдандырууга жана тазалыгына, шагал төшөөгө арыз ээси жардам көрсөтүп, жолдорго коюлуучу табличкаларды архитектуранын көрсөтмөсүнө негиз илинсин жана токтомдун көчүрмөсүн арыз ээсине жеткирүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга жүктолсүн.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешик-Жон айылдык кеңешинин алдындагы Мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жана агрардык саясат, азык-түлүк, экология жана жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Масабиров |