Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-июну № 5
Муниципалдык менчик жерлерди өткөрүп берүү жөнүндө
Бешик-Жон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы, Бешик-Жон айылынын тургуну жеке ишкер Саитов Нурбектин 2017-жылдын 28-июнундагы №С-90сандуу Бешик-Жон айылына 50орундуу балдар бакчасын курууга жер тилкесин бөлүп берүүнү сурап кайрылган арызын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл аймагынын Бешик-Жон айылынын борборунда жайгашкан айыл өкмөтүнүн имаратынын жанынан 0,50га жер аянты Бешик-Жон айылына бала бакча куруу үчүн жеке менчикке өткөрүлүп берилсин.
2. Бул токтомду мыйзам чегинде тиешелүү жокументтерин бүтүрүп, өткөрүп берүү жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
3. Бул токтом мамлекеттик тилде Бешик-Жон айыл аймагынын WWW.beshikjon.kg веб расмий сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешик-Жон айылдык кеңешинин алдындагы Мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жана агрардык саясат, азык-түлүк, экология жана жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Масабиров |