Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 26 – марты № 13/1
Будалык айылдык округунун 2010-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2011-жылга карата бюджети жөнүндө
Будалык айылдык округунун каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А. Кудайбердиевдин билдирүүсүн угуп талкуулап Будалык айылдык Кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Будалык айылдык округунун 2010-жылдагы киреше бөлүгү 9375,0 миң сом жана чыгаша бөлүгү 9288,6 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин (тиркеме тиркелет).
2. 2011-жылга айылдык округунун бюджетинин киреше бөлүгүнө 7121,2 миң сом жана чыгаша бөлүктөрүнө 7121,2 миң сом бекитилсин (тиркеме № 2).
3. Долбор боюнча 2012-жылга 7082,0 миң сом 2013-жылга 7044,0 миң сом бекитилсин.
4. Маданият тармагына бөлүнгөн ар түрдүү чыгымдардан 30,0 миң сом айыл округуна даталуу кундөргө жумшалсын.
5. Будалык айылдык округунун аймагында жайгашкан мектептерге жана мекемелерге бюджетке каралган акча каражаттары статьялар боюнча жумшалышын камсыз кылуу, отчет учет иштерин убагында айыл округунун финансы бөлүмүнө тапшыруу жагы мекеме башчыларына жана директорлоруна чарбалык иштер боюнча орун басарларына милдеттендирилсин.
6. Каралган бюджетти смета боюнча расчеттер менен эсептелгенде категориалдык гранттан 499,7 миң сом жетишпестиги белгиленсин (эсеби таблица менен тиркелет)
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө саясий-экономикалык маселелер пландоо, бюджет жана салык маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Будалык айылдык округдук кеңешинин төрагасы |
Б. Тобокалов |