Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-июну № 6
Балдар бакчаны ачуу жөнүндө
Бешик-Жон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы, Бешик-Жон айылдык Бешик-Жон айыл аймагынын Карача айылына АРИС тарабынан курулуп жаткан 50орундуу балдар бакчасынын курулушу толугу менен бүтүп атайын түзүлгөн комиссия менен Бешик-Жон айыл өкмөтүнө өткөрүлүп берилген актысынын негизинде берилген билдирүүнү угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл аймагынын Карача айылына АРИС тарабынан курулуп бүткөн 50орундуу балдар бакчасынын курулуш иштери толугу менен бүткөндүгүнө байланыштуу ишке киргизүүгө уруксат берилсин.
2. Бакчага керектүү болгон материал жабдыктарына жана балдардын тамак ашына акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде Бешик-Жон айыл аймагынын WWW.beshikjon.kg веб расмий сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешик-Жон айылдык кеңешинин алдындагы Мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жана агрардык саясат, азык-түлүк, экология жана жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Масабиров |