Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-июну № 7
Бешик-Жон айыл аймагынын территориясынын кире беришин жакшыртуу жөнүндө
Бешик-Жон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы, Бешик-Жон айыл аймагы 4 айылдан туруп, Ош-Бишкек трассасынан 4км алыстыкта жайгашкандыктан сырттан келгендер айыл аймакка кеткен жолду таппай кыйналышууда. Ошондуктан муниципалитетти таанууга жана терреториябызды жакшыртуу максатында кире беришке арка орнотуу жөнүндөгү сунушту угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл аймагына Ош-Бишкек жолунан кеткен кире беришине Арка курууга уруксат берилсин.
2. Тиешелүу документтерин даярдап берүү жагы райондук архитектурадан жана жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан суралсын.
3. Бул токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде Бешик-Жон айыл аймагынын WWW.beshikjon.kg веб расмий сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешик-Жон айылдык кеңешинин алдындагы Мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жана агрардык саясат, азык-түлүк, экология жана жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Масабиров |