Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-июну № 8
Таштандыларды чыгарууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Бешик-Жон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы, Баймундуз айылынын айыл башчысы К.Сакабаевдин Тех инспекциянын текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен Бешик-Жон айыл аймагындагы Бешик-Жон, Баймундуз, Карача, Жон айылдарынан чыгарылган таштандыларды төгүүгө жер аянтын бөлдүрүп берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл аймагындагы Бешик-Жон, Баймундуз, Карача жана Жон айылдаынан чыгарылган таштандыларды төгүүгө Баймундуз айылынын Тегирмен көл участкасындагы айыл чарба багытына жараксыз( ынгайсыз) жерден 0,20га жер аянтын бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
2. Тиешелүу документтерин даярдап берүү жагы райондук архитектурадан жана жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан суралсын.
3. Бул токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде Бешик-Жон айыл аймагынын WWW.beshikjon.kg веб расмий сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешик-Жон айылдык кеңешинин алдындагы Мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жана агрардык саясат, азык-түлүк, экология жана жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Масабиров |