Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-июну № 10
Жалал-Абад бассейиндик суу чарба башкармалыгынын кайрылуусу жөнүндө
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы ,Жалал-Абад бассейиндик суу башкармалыгынын кайрылуусун жана Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн сунушун талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик каттоо кызматынын адистери тарабынан аныкталган Кара-Ункур суу тосмо коргонуу жерлерине техникалык паспорт жана мамлекеттик акт алууга макулдук берилсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү”мыйзамына ылайык Бешик-Жон айыл аймагынын расмий Вebсайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешик-Жон айылдык кенешинин төрагасынын орун басары Э.Аптабачиевке милдеттендирилсин.
Төрага | А. Масабиров |