Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кеңешинин IV сессиясы
2017-жылдын 14-июну № 4
Ленин айылындагы “Байчечекей” балдар бакчасына жана Жыгач-Коргон айылындагы жашоочуларды интернет менен камсыз кылууда бюджеттин атайын каражат эсебинин планын жогорулатуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Байчечекей” балдар бакчасына келип жаткан балдардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу атайын каражаттын 22181100- тамак-аш алуу беренесинин II-кварталына 100,0 миң сом, III-кварталына 80,0 миң сом кошумча лимит берилсин.
2. Жыгач-Коргон айылынын жашоочуларын интернет байланышы менен камсыз кылуу максатында 70111 бөлүмүнүн атайын каражатынын 22151400 – маалымат технологиялар жагында кызмат көрсөтүүлөр беренесинин планы 40,0 миң сомго жогорулатылсын.
3. Бюджеттин чыгымдарына өзгөртүү киргизүү боюнча планга тактоо киргизүү Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомду аткаруу жагы каржы экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | М. Кеңешбаев |