Редакцияот 14.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ленин айылдык кеңешинин IV сессиясы

 

2017-жылдын 14-июну № 6

Мамырасулов Мамасадык Садыковичтин арызы жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин IV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 22-беренесине ылайык Ленин айылдык Кеңешинин депутаты Мамырасулов Мамасадыктын арызы канаттандырылып ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Бош калган депутаттык мандатты Тургунбаева Марияга өткөрүп берүү жагы Сузак аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

3. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Сузак АШК суралсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулукту жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

Төрага

М. Кеңешбаев