Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-марты № 68
01.01.2016 - жылга карата Токтогул шаарынын мэриясынын бюджеттик жана атайын счетунда калган акча каражатынын калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” КР бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы рыноктук инфраструктура, чакан жана орто бизнес, менеджмент, макетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун, ФЭБнун башчысы Н.Кулузакованын билдирүү, маалыматтарын угуп жана талкуулап Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаарынын мэриясынын бюджеттик жана атайын счетунда калган акча каражатынын 01.01.2016- жылга карата калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө маалымат билдирүүлөр эске алынсын.
2. Жыл башында жалпы 1821 595 сом 95 тыйын, анын ичинен негизги счеттон калдык 728 292 сом 75 тыйын жана атайын счеттон калдык 1093 303 сом 20 тыйын калгандыгы белгиленсин жана алар төмөндөгүчө бөлүштүрүлүп чыгымдалсын.
Негизги счеттон калдык: 728 292 сом 75 тыйын, анын ичинен:
Шаардык мэриянын аппарат кызматкерлерине жыл жыйынтыгы менен сый акыга:
Статья 21111300 – 138 700 сом
Статья 21211300 - 23 900 сом
Шаардык кеңештин аппарат кызматкерлерине жыл жыйынтыгы менен сый акыга:
Статья 21111300 – 48 900 сом
Статья 21211300- 8 400 сом
Мектептерге колдонулган электроэнергияга төлөөгө:
Статья 22321100 – 483 300 сом
“Ыңгайлуу шарт түзүү” комбинатына электроэнергияга төлөөгө:
Статья 22321100 – 25 092 сом 75 тыйын
Атайын счеттон калдык: 1093 303, 20 тыйын
Мэриянын аппаратына:
Статья 3111 - 400 000 сом
Статья 2222 – 31 595 сом
“Ыңгайлуу шарт түзүү” комбинатына:
Статья 3111 – 600 000 сом
Статья 2222 – 34 321, 20 тыйын сом
Балдар бакчасына:
Статья 22181100- 27 387 сом тамак аш чыгымы үчүн;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Токтогул шаардык Кеңешинин төрагасы К.Дербишевге, ал эми аткаруу жагы Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жана ФЭБнун башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).
Төрага | К. Дербишев |