Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-марты № 69
Токтогул шаарынын мэриясынын жана Токтогул шаардык кеңешинин аппарат кызматкерлеринин типтүү түзүмүн жана штаттык бирдиктерин кароо, бекитүү, мэрияга караштуу шаардын турмуш тиричилигин камсыз кылуучу бөлүмдөрдүн түзүмүнө өзгөртүү киргизүү, бекитүү боюнча
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, “Муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.08.2011-жылдагы № 451, 452 токтомдоруна, ылайык Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин, ФЭБнун башчысы Н.Кулузакованын сунуштарын, Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, макетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, талкуулап, чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусу жалпысынан жактыралгандыгы белгиленсин жана төмөндөгү штаттардын сан эсеби бекитилсин.
Токтогул шаардык мэриясы боюнча:
Жооптуу кызматкерлер - 16 штаттык бирдик;
Тейлөөчү кызматкер - 3 штат;
Баардыгы: 19 штат бирдиги бекитилсин (КР Өкмөтүнүн токтому 2011-жыл 05-август № 451)
Токтогул шаардык мэриясында келишимдин негизинде иштеген 3 (үч) кварталдык комитет башчылары менен келишимди узартып түзүү токтотулсун.
Токтогул шаардык кеңеши боюнча:
Жооптуу кызматкерлер - 4 штаттык бирдиги;
Тейлөөчү персонал -2 штат;
Баардыгы: 6 штаттык бирдиги бекитилсин (КР Өкмөтүнүн токтому 2011-жыл 05-август № 452)
2016-жылдын 1-январынан баштап төмөндөгү Токтогул шаардык кеңешинин кызматкерлери Токтогул шаардык мэриясына 2017-жылдын 1-январына чейин убактылуу жөнөтүлсүн:
• башкы адис А.Койчубаев Токтогул шаардык мэриясына салык инспекторлору менен биргеликте иш алып баруу үчүн;
• иш кагаздарды жүргүзүүчү Э.Эркинбекова иш кагаздарын жүргүзүү милдеттерин аткаруу үчүн;
“Ыңгайлуу шарт түзүү” комбинаты боюнча:
• төмөндөгү түзүмү бекитилсин:
Бөлүм башчы -1
Жумушчу -10
Тракторист -1
Айдоочу – 2
Электрик -1
Эксковаторщик – 1
Сварщик-1
Жалпы: 17
• “Ыңгайлуу шарт түзүү” комбинатындагы бухгалтердин кызмат орду кыскартылсын, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексине ылайык кызматкерге жазуу жүзүндө билдирүү берүү менен эки айлык акы өлчөмүндө компенсация төлөнүп берилсин;
• кыскартылган бухгалтердин иш милдеттерин аткаруу Токтогул шаардык мэриясынын финансы-экономикалык бөлүмүнүн кызматкерлерине милдеттендирилсин;
А.Козубеков атындагы “Эс алуу” багынын түзүмү боюнча:
Чарба башчы – 1
Кароолчу -1,5
Жумушчу -3
Суугатчы -2
Жалпы: 7,5
2. Бул токтомду жогоруда аталган мыйзамдардын талаптарына ылайык аткаруу жагы Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жана ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагын өзүмө калтырамын.
4. Токтом кыргыз тилинде кабыл алынды.
5. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).
Төрага | К. Дербишев |