Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-марты № 70
Токтогул шаарынын Уста Сай көчөсүнө Кудаш уулу Кубанычтын ысымын ыйгаруу боюнча М.Садыралиеванын үй-бүлөөсүнүн кайрылуусун кароо жөнүндө
Токтогул шаарынын Уста –Сай көчөсүнүн тургуну М.Садыралиеванын үй бүлөөсүнүн кайрылуусу боюнча Токтогул шаардык кеңешинин “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция этикасы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, спорт жана жаштар саясаты боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, талкуулап жана маркум Момункулов Кубаныч Кудашовичтин мыкты врач катары өз элине татыктуу кызмат кылгандыгы, ак ниет эмгеги үчүн бир нече сыйлыктардын ээси болгондугу, шаардык кеңештин депутаты катары калкты ичүүчү суу менен камсыздоого кошкон зор салымы, жаштарга үлгү болуучу мыкты адамдык сапаттары жөнүндө депутаттардын сунуш, пикирлерин эске алып, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорудагылардын негизинде Токтогул шаарынын Уста-Сай атындагы көчөсүнө маркум Кудаш уулу Кубанычтын ысымы ыйгарылсын.
2. Кудаш уулу Кубаныч атындагы көчөнүн тазалыгын ар дайым камсыздап, жашылдандыруу-көрктөндурүү иштерин жүргүзүп, Токтогул шаардык кеңеши тарабынан көчөлөргө ысым ыйгаруу тартиби жөнүндөгү бекитилген Жобонун талаптарына ылайык иш алып баруу маркумдун үй бүлөөсүнө жана жакындарына тапшырылсын.
3. Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэриясына (М.Калмурзаев), ал эми аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция этикасы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, спорт жана жаштар саясаты боюнча” туруктуу комиссиясына (М.Исаков) милдеттендирилсин.
4. Токтом мамлекетти тилде кабыл алынды.
5. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).
Төрага | К. Дербишев |