Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-марты № 72
Токтогул шаарынын аймагында мүрзө казуу кызмат көрсөтүүсү үчүн тарифти чектөө
2015-жылы 26-январда Токтогул шаарында элдик жыйын өкөрүлүп, жыйынга Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.А.Сатымкулов, Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы К.Дербишев, депутаттар, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаев, аймактагы мекеме жетекчилери жана шаардын жашоочулары катышышты.
Жыйында калктын жашоо тиричилигин жакшыртууга багытталган ар кандай сунуштар, чечилүүсү зарыл деп эсептелинген көйгөйлүү маселелер дагы айтылып, кеңири талкууга алынган. Алардын бири шаар аймагында мүрзө казуу боюнча кызмат көрсөтүүнүн баасы өтө жогорулап бара жаткандыгын айтышып, учурдагы көпчүлүк жашоочулардын социалдык абалын эске алып, баага чектөө киргизүүнү өтүнүшкөн.
Андыктан 2015-жылдын 19-февралында шаардык кеңештин төрагасынын, депутаттардын, Токтогул шаарынын вице-мэри Н.Көчөрканованын, борбордук мечиттин имамынын орун басары Алыбеков Кененбайдын жана мүрзө казуу боюнча кызмат көрсөтүүчү атайын топтордун башчыларынын, мүчөлөрүнүн катышуусунда жыйналыш өткөрүлүп, мүрзө казуу боюнча кызмат көрсөтүүсү тууралуу элдик жыйындагы жашоочулурдын өтүнүчү боюнча ар кандай сунуш, пикирлер айтылып, атайын тарифти бекитип алуу макулдашылган.
Жыйналыштын жыйынтыгы боюнча төрага К.Дербишев сессиянын катышуучуларына маалымат берди. Жыйынтыгында жогорудагы маселе боюнча маалыматты угуп, талкуулап, чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштарын эске алып, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Элдик жыйындын жүрүшүндө жашоочулар тарабынан айтылган суроо-талаптардын негизинде, Токтогул шаардын аймагында мүрзө казуу боюнча кызмат көрсөтүүсүнүн баасы 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Мүрзө казуу боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдү колдоо максатында, жергиликтүү бюджеттин эсебинен (20,0 миң сомго) генератор жана перфоратор сатып берүү жагы каралсын.
3. Токтогул шаарында жашоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аталган кызмат көрсөтүү ушул токтомдун 2 пунктунда бекитилген баада аткарылышын көзөмөлгө алуу Токтогул шаарынын мэриясына (М.Калмурзаев) тапшырылсын.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын, жергиликтүү “Шамшыкал”гезитине жарыялансын, Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).
Төрага | К. Дербишев |