ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2016-жылдын 1-марты № 73
Токтогул шаарынын Бөкөнбаев көчөсүнүн № 30 үйүнүн тургуну Ажыбаева Жаркынайдын өтүнүч катын кароо боюнча
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Ж. Ажыбаеванын өтүнүч каты боюнча Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушун, Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын чечимин, башка чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин угуп, талкуулап ошондой эле Токтогул райондук өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн тактамасын эске алып, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ж.Ажыбаеванын үй-бүлөөсүнө материалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө шаар мэри М.Калмурзаевдин сунушу жана туруктуу комиссиянын чечими жалпысынын колдоого алынгандыгы белгиленсин.
2. Жогоудагылардын негизинде, Токтогул шаардык мэриясына элге жеңилдиктер статьясы боюнча каралган акча каражатынын эсебинен Ж.Ажыбаевага 20,0 (жыйырма миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жана ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага тапшырылсын.
Токтомдун жалпы аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясына (М.Солтоева) жүктөлсүн.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын, Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).
Төрага | К. Дербишев |