Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-марты № 74
Токтогул шаарынын Суеркулов көчөсүнүн № 17/3 тургуну З.Беделбаевге материалдык жардам көрсөтүү боюнча
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Токтогул шаарынын тургуну З.Беделбаевдин ден соолугунун абалын эске алып, сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуш, пикирлерин эске алып, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. З.Беделбаевге жергиликтүү бюджеттин эсебинен материалдык жардам берүү жалпысынын колдоого алынгандыгы белгиленсин.
2. Токтогул шаардык мэриясына элге жеңилдиктер статьясы боюнча каралган акча каражатынын эсебинен З.Беделбаевге 20,0 (жыйырма миң) сом бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жана ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага тапшырылсын.
4. Токтомдун жалпы аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясына (М.Солтоева) жүктөлсүн.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын, Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).
Төрага | К. Дербишев |