Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-марты № 75
Токтогул шаарында балдар чыгармачылык үйүн курууга атайын расчетный счет ачуу жөнүндө
Токтогул шаарындагы мектеп окуучуларынын жөндөмдүүлүгүнө жараша ар кандай ийримдерге катышып, сабактан тышкаркы бош убактыларын туура пайдалануусу үчүн шарт түзүүнү жакшыртуу максатында, балдар чыгармачылык үйүн курууга Токтогул шаардык кеңештин макулдугу менен Токтогул шаарынын аймагынан (Бөкөнбаев атындагы мектебинин жанынан) жер аянты бөлүнүп берилген. Учурда Токтогул шаарынын мэриясы тарабынан керектүү документтери Токтогул мамлекеттик каттоо кызматынан алынып, даяр турат.
Бирок жергиликтүү бюджеттин акча каражатынын жетишпегендигинен балдар чыгармачылык үйүн куруу мүмкүн болбой, сырттан демөөрчүлөрдү табуу аракеттери жүргүзүлүп жатат.
Бул маселе боюнча Токтогул райондук Балдар чыгармачылык үйүнүн ийрим жетекчиси А.Абдырахманованын кайрылуусун карап, Токтогул шаарын мэри М.Калмурзаевдин сунушун угуп, талкуулап Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаарында Балдар чыгармачылык үйүн куруу үчүн демөөрчүлөрдү табуу аракеттери колдоого алынгандыгы белгиленсин.
2. Демөөрчүлөрдүн, колдоочулардын акча каражаттарын чогултуу үчүн эсеп счет ачууга уруксат берилсин, эсеп ачып берүү жагы Токтогул райондук казына бөлүмунүн башчысынан (Т.Ташыбекова) суралсын.
3. Эсеп счетуна келип түшкөн акча каражаттарынын эсебин тактап, маалымат берип туруу жагы ФЭБ башчысына (Н.Кулузакова) тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешине милдеттендирилсин.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын, Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).
Төрага | К. Дербишев |