Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-августу № 238
Кош-Этер айылындагы Чоку Конуш жайытына суу алып чыгуу жана мал суу ичүүчү ноо куруу проектисине салым кошуу жөнүндө
Салам-Алик жайыт комитетинин төрагасы Чыбышев Токтогулдун «Кош-Этер айылындагы Чоку Конуш жайытына суу алып чыгуу жана мал суу ичүүчү ноо куру» проектисине 5 % акчалай салым кошу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылышынын кезексиз 32-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу” Мыйзамынын 49-беренесине ылайык «Кош-Этер айылындагы Чоку Конуш жайытына суу алып чыгуу жана мал суу ичүүчү ноо куру» проектисине 5 % акчалай салым үчүн жалпы суммасы 58900-00 (элүү сегиз миң тогуз жүз ) сом акча каражаты Салам-Алик жайыт комитетинин грантык эсебине которулуп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы-башкы бухгалтер Нуралиева Канышайга милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу Салам-Алик айыл кеңешинин бюджет, финансы, экономика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Таштемиров |