Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 26 - марты № 13/5
Будалык айылдык округу боюнча «Жайыт пайдалануучулардын бирикмесине АРИС тарабынан бөлүнгөн 200,0 сомдук грантты пайдалануу жөнүндө
Будалык айылдык округу боюнча «жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин төрагасы Таалайбек Бакировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Будалык айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Будалык айылдык округу боюнча «Жайыт пайдалануучулардын бирикмесине АРИС тарабынан бөлүнгөн 200,0 сомдук гранты төмөндөгүдөй максатта:
Кара Суу айылынын Чычырканак участкасынан «Сары Кунгой» жайлоосуна чейин, Октябрь айылынын «Алмалуу» участкасынан «Ташкороо» жайлоосуна чейин, «Арал» жайлоосунан «Сары Кунгой» жайлоосуна чейинки жайыт жолдорун тазалоо жана ремонттоого пайдаланылсын.
2. Кум Шоро айылынан «Тоо Таш» жайытына чейин (200 метр) жолду ремонттоо ишине жумшалсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө графиги «айыл чарбасы, жер агрардык реформаны ишке ашыруу, муниципалдык менчик экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Будалык айылдык округдук кеңешинин төрагасы |
Б.Тобокалов |