Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айылдык Кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
2015-жылдын 15-сентябры № 1
Шекер айылдык Кеңешинин 2015-жылдын 8 айындагы бюджетинин аткарылышында кошумча түшкѳн кирешени бѳлүштүрүү жѳнүндѳ Шекер айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Шекер айылдык аймагынын бюджетинин 2015-жылдын 8 айындагы кошумча киреше 278,6 миң сом жана чыгаша бѳлүгү 278,6 миң сом аткарууга бекитилсин.
Киреше бѳлүгү тѳмѳнкү булактардан түшүүсү белгиленсин.
- Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы -8,3 миң сом - Кайра бѳлүштүрүү фондунан – 94,9 миң сом - Автоунаа салык – 58,0 миң сом - Кожолук жер салыгы – 2,0 миң сом - Айыл жергесиндеги ижара акы – 36,9 миң сом - Имараттын ижара акысы – 33,3 миң сом
Жалпы киреше бѳлүгү – 233,4 миң сом Чыгаша бѳлүгү тѳмѳнкү тармактарга чыгымдалышы белгиленсин. - Шекер айыл Ѳкмѳтүнүн аппаратына – 186,9 миң сом - Балдар бакчасына – 45,5 миң сом
Жалпы чыгаша бѳлүгү – 233,4 миң сом 2. Бюджетти аткаруу процессинде айыл Ѳкмѳтүнѳ, жыл ичинде сметанын чегинде статьядан статьяга, разделден разделге ошондой эле кварталдан кварталга жылдырууларды жүргүзүп турууга мүмкүнчүлүк берилсин.
3. Айыл Ѳкмѳтүнүн бюджетинин чыгаша бѳлүгүнүн бекитилген чыгым статьялары боюнча аткарылышын камсыз кылуу, айыл Ѳкмѳтүнүн финансы-экономика бѳлүмүнѳ милдеттендирилсин.
Айыл Ѳкмѳтүнүн 8 айлык бюджетин бекитүүдѳ чыгаша бѳлүгү боюнча зарыл болгон чыгымдарды Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинен суралсын.
|
| ||
|
|