Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айылдык Кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
2015-жылдын 6-ноябры № 2
Шекер айыл аймагынын Шекер айылындагы Т.Айтматов орто мектебинин терезелерин, эшиктерин жана “Күркүрөө” маданий үйүнүн терезелерин 2016-жылга карата жаңы пластикалык терезе, эшиктерге ооштуруу боюнча үлүштүк дем берүүчү грантка долбоор жазылып жаткандыгына байланыштуу Шекер айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Шекер айылындагы Т.Айтматов орто мектебинин жана “Күркүрөө” маданий үйүнүн терезе, эшиктерин ооштурууга өздүк салым катары 2016-жылга Шекер айыл Өкмөтүнүн бюджетинен 493126 (төрт жүз токсон үч миң бир жүз жыйырма алты) сом бөлүнүп берүү жагы каралсын. 2. Токтом аткаруу жагы шекер айыл Өкмөтүнүн башчысы С.Калыбековго милдеттендирилсин.
|
| ||
|
|