Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айылдык Кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы
2016-жылдын 6-февралы № 2
Айыл ѳкмѳтүнүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарба боюнча башкы адиси Жамакеев Алмазбек Тѳлѳбековичтин жыл ичинде аткарган жумуштары боюнча отчетун угуп, Шекер айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жамакеев Алмазбек Тѳлѳбековичтин жыл ичинде аткарган жумуштары боюнча берген отчету эске алынсын.
2. 2014-2015-жылдын ичинде ФПЗтин ижара акысы үчүн тѳлѳнүүчү каражаттардын калдыктарын тактоо боюнча 15 күн берилсин. 3. 2016-жылдын 1-кварталынын аягына чейин 2014-2015-жылдагы ижара акысынын калдыктарынын тѳлѳмдѳрү ѳндүрүлүп айыл ѳкмѳттүн кассасына кириштелсин. (Жалпы сумма 465 миӊ сом) 4. Сессияда берилген тапшырма 1-кварталдын аягына чейин аткарылбаса Жамакеев Алмаздын жумуш ордун кароо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Шекер айылдык кеӊешинин орун басары Олобеков Алыканга жүктѳлсүн.
|
| ||
|
| ||
|
|