Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айылдык Кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 7-сессиясы
2016-жылдын 31-марты № 8
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы «КРнын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” № 451 сандуу токтомуна ылайык Шекер айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Айыл Өкмөтүнүн калкынын санына жараша айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны 1-тиркемеге ылайык бекитилсин. 2. Айылдык аймактык администрациялык борбору болуп саналган калктуу пункттан тышкары ар бир калктуу пунктта жетектөөчү адистин деңгээлинде кызматтык маянасы менен ошол калктуу пункттун тургундарынын ичинен “Айыл башчысы” (айылдын старостасы) кызмат орду (бир штаттык ) бекитилсин. 3. Айыл өкмөтүнүн түзүмүндө ветеринардык врач кызмат ордуна (бир штаттык бирдик), талапкер КРнын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте контракттык негизде алынсын. 4. Айыл өкмөтүндө салык жыйымын чогултуу боюнча бир штаттык бирдик болуп салык чогултуу маселеси кыйын болуп жаткандыгында байланыштуу киреше боюнча адис кызмат орду (1 штаттык бирдик) бекитилсин. 5. Жалпы аскердик милдеттердин талаптарын аткарууну камсыздоо үчүн касыздоо үчүн каттоодо 300гө чейинки аскерге милдеттүү жана аскерге чакырылуучу бар болгондугуна байланыштуу, бир бошотулган кызматкер-аскердик-эсепке алуу столунун инспекторунун кызмат оруну (1 штаттык бирдик) бекитилсин. 6. Бекитилген айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык санына жараша Кара-Буура районунун каржы бөлүмү (Т.Абылгазиев) тарабынан эмгек маяналарын каржылоо жагы каралсын. 7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шекер айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Шапакова Гульзайра Шекербаевнага жүктөлсүн.
|
| ||
|
|