Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айылдык Кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 7-сессиясы
2016-жылдын 31-марты № 12
КРнын Өкмөтүнүн 19-март 2014-жылкы № 169 «Жерлерди бир категориялардан башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү туралуу” токтомун жетекчиликке алып, Ильгиз Айтматов жана Роза Айтматованын кайрылуусун (“Төрөкул” дыйкан чарбасынын 24 мүчөлөрүнүн коюлган колдорун) карап чыгып, “Төрөкул” дыйкан чарбасынан 11.4га жер аянтын, Шекер айыл Өкмөтүнө караштуу 3.6га жер аянтын Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз Эл Баатыры, дүйнөгө белгилүү инсан Ч.Т.Айтматовдун Мамлекеттик тарыхый, маданий жана дене тарбия ден соолукту чыңдоо “Чыңгыз Ордо” комплексин куруу үчүн жалпысынан 15.0га жерин которуу жөнүндө Шекер айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Шекер айыл аймагындагы “Төрөкул” дыйкан чарбасына тиешелүү жердин ичинен № 662-контурдан 5га, №663-контурдан 5.3га жалпысынан 11.4га аныничинен 6.1га көп жылдык бактар аянты 5.3га суугат жеолер,жана Шекер айыл аймагына тиешелүү № 661-контурдан 2.0га, № 695 - контурдан 1.6га, жалпыаянты 3.6га жайыт түрүндөгү жер участогу, бардыгы болуп 15.0га жер аянты Кыргыз Эл жазуучусу, Кыргыз эл баатыры, дүйнөгө белгилүү инсан Ч.Т.Айтматовдун мамлекеттик тарыхый,маданий жана дене тарбия ден соолукту чыңдоо “Чыңгыз Ордо” комплексин куруу үчүн айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарындагы жерлерине которууга макулдук берилсин. 2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
|
| ||
|
|