Загрузка документа…
МАӉГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-январы № 1-4
Маӊгыт айылдык кеӊешинин регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Маӊгыт айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Маӊгыт айылдык кеӊешинин иш регламенти бекитилсин (тиркелет). 2. Айылдык Кеӊештин иш регламентине ылайык депутаттык иштерди алып баруу айылдык Кеӊештин депутаттарына милдеттендирилсин. 3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык Кеӊештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн..
| 2.
| ||
|
|
| Маӊгыт айылдык Кеӊешинин 6-чакырылышынын 1-уюштуруу сессиясынын № 4 токтому менен бекитилди Маӊгыт айылдык кеӊешинин төрагасы: А.Малаев «9»01.2017-ж.
|
I. Жалпы жоболор
«Маӊгыт айыл аймагынын айылдык кеңеши» Мекемеси (мындан ары-Айылдык кеңеши) - Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамына ылайык, кеӊештердин депутаттарынан турган терт жылдык мөөнөткө түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы.
Айылдык кеңеши өзүнүн ишин, Кыргыз Республикасынын конституциясынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын жана ушул Регламенттин негизинде жүргүзүлөт.
1.1. Айылдык кеңеши юридикалык жак болуп саналат жана мыйзамдар менен өзүнүн компетенциясына таандык болгон ар кандай маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу. Өзүнүн мөөрү жана штампы болот.
Айылдык кеңештин Регламенти, айылдык кеңештин иштерин уюштуруу тартиптерин белгилейт, уюштуруучулук жана укуктук негиздерин, туруктуу жана мөөнөттөрүнүн тартибин аныктайт.
1.2. Айылдык кеңештин толук аталышы:
Мамлекеттик тилде: «Мангыт айыл аймагынын айылдык кеңеши» Мекемеси.
Расмий тилде: Учреждение «Айылный кенеш Мангытского айылного аймака».
Кыскартылган аталышы:
Мамлекеттик тилде: «Маӊгыт айыл аймагынын айылдык Кеӊеши» М-е.
Расмий тилде: У-е «Мангытский айылный кенеш».
1.3. Айылдык кеңешинин дареги: Кыргыз Республикасы, Ош облусу,
Араван району, Маӊгыт айыл аймагы, Маӊгыт айылы.
II. Айылдык кеӊештин компетенциясы
2.1. Айылдык Кеӊеш Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 29 жана 29-1- статьяларына ылайык тѳмѳндѳгү маселелерди карайт жана токтом кабыл алат
- Социалдык экономикалык ѳнүктүрүүнүн жана калктын социалдык жактан коргоонун айылдык масштабдагы программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына контролдук жүргүзүү;
-Айылдык бюджетти жана анын аткарылышы жѳнүндѳ отчетун бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышын жана бюджеттен тышкары фонддорун максаттуу пайдаланышы жѳнүндѳ маалыматтарды угуу;
- Кеӊештин Регламентин кабыл алуу;
- Кеӊештин тѳрагасын жана анын орун басарын шайлоо жана милдеттеринен бошотуу;
- Айылдык Кеӊештин депутаттарынын жалпы санын кеминде үчтѳн экисинин кѳпчүлүк добушу менен айылдык кеӊештин тѳрагасына ишеним кѳрсѳтпѳѳ;
- Айылдык кеӊештин тѳрагасын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген буйруктарын жокко чыгаруу.
2 2. Пункттун 4,5 абзацтарында керсетүлгѳн маселелер боюнча жашуруун добуш берүү бюллетень менен ѳткѳрүлѳт. Добуш берүү Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан уюштурулат.
III. Айылдык кеңештин биринчи сессиясы
3 1 Айылдык кеӊештин биринчи сессиясы мурда шайланган кеӊештин тѳрагасы же депутаттардан түзүлгѳн демилгелүү топ аркылуу жергиликтүү терагасы же депутаттардан түзүлгѳн демилгелүү топ аркылуу жергиликтүү кеӊештерге шайлоо ѳткѳрүлгѳн күндѳн кийин бир айлык мѳѳнѳттѳн кечиктирилбестен чакырылат. Айылдык кеӊештин биринчи сессиясын карыя депутат ачат.
3.2. Жалпы шайланган депутаттардын жарымынан кѳбү сессияга катышкан учурда айылдык кеӊештин сессиясы ѳз ишин баштоого укуктуу.
3 3. Айылдык кеңеши кеӊештин биринчи сессиясынын күн тартибине Кеӊештин регламентин, тѳрагасын, орун басарын шайлоо, жаӊы кеӊештин структурасын түзүү жана кеӊештин ишине тиешелүү зарыл маселелер талкууга коюлат.
3.4. Тѳраганы шайлоо айылдык кеӊештин депутаттарынын жашыруун добуш берӊӊ жолу менен жүргүзүлѳт.
3 5 Тѳраганын орун басары айылдык кеңештин депутаттарынын арасынан ачык добуш берүү менен шайланат.
IV. Жашыруун добуш берүүнү уюштуруу тартиби
4.1. Айылдык кеӊештнн биринчи сессиясынын чечими .менен жашыруун добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүу боюнча саны 3-5 депутаттан турган эсептөө комиссиясы түзүлөт.
4 2 Эсептөө комиссиясы өз чогулушунда мүчөлөрүнө иш белүштүрүшѳт (тѳрагасын, орун басарын, мүчѳлѳрүн бекитет), добуш берүү бюллетенин, добуштарды берүү ящигин жана бѳлүмдѳрдү жабык добуш берүүнү жүргүзүүгѳ даярдайт.
4 3 Сессияга катышып жатышкан депутаттардын тизмесин тактап, ар бир депутаттын ѳз ѳзүнчѳ добуш берүүсүн камсыз кылат. Эсептөө комиссиясы тарабынан жашыруун добуш берүүнүн эрежелери толук сактоолору милдеттүү. Добуш берүүнү баштоонун алдында эсептөө комиссиясы добуш берүүнүн тартиби менен депутаттарды тааныштырат.
4 4 Айылдык кеӊештин тѳрагасына кѳрсөтүлгөн талапкер бюллетенге алфавиттик тартип менен жазылат. Добуш беруунун жыйынтыгын чыгаруу, бюллетендерди эсептөө добуш берген жайда жүргүзүлөт.
4.5. Бюллетенге талапкердин фамилиясы, аты, атасынын аты паспорт же башка өздүк документтери боюнча толтурулат, бюллетенге башка маалыматтар жазылбайт.
4 6. Ар бир кандидатура боюнча «колдогону», «аршы» болгону жана «бузулган бюллетендер» боюнча жыйынтыгы чыгарылып, эссптөө комиссияоынын токтому түзүлүп, сессияда бекитилет.
4 7 Айылдык кеңештин тѳрагасына көрсөтүлгөн талапкерлердин ичинен сессияга катьшкан депутаттардын жалпы санынын кѳпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер, айылдык Кеӊештин тѳрагасы болуп терт жылдык мѳѳнѳткѳ шайланат.
4 8 Төраганын орун басарлыгына сунушталган талапкер ачык добушка коюлат Добушту саноону, жыйынтыктоону эсептѳѳ комиссиясы жүргүзѳт.
4.9. Сессияга катышкан депутаттардын жалпы санын кѳпчүлүк добушуна ээ болгон айылдык Кеӊештин депутаты тѳраганын орун басары болуп шайланат.
4 10 Айылдык кеӊештин тѳрагасы жана орун басары ѳздѳрүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учулда депутаттардын 1-3 демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын 2-3 добушу менен тѳрага же орун басар ээлеген кызмат ордунан бошотулат.
4 11 Айылдык Кеӊештин тѳрагасы ѳзүнүн милдеттерин коомдук башталышта алып барат, бирок айыл кеӊешинин сессияларынын ишинин мезгилине бир жолку компенсация алуу менен аткарат.
V. Айылдык кеӊештин сессиясы
5.1. Кеңештин сессиясы ачык ар бир кварталда бир жолудан кем эмес ѳткѳрүлѳт.
5.2. Кеӊештин төрагасы сессия өткөрүлө турган күнү, убактысы, күн тартиби жана сессия ѳтүүчү жай тууралуу беш күндѳн кечиктирбей кеӊештин депутаттарына билдирет. Ошондой эле сессия каралуучу маселелер боюнча чечимин, токтомдун долбоору, кеңештин депутаттарына үч күндѳн кечиктирбей таратылат.
5 3 Кеӊештин кезексиз сессиясы кеңештин тѳрагасы, кеңештин туруктуу комиссиялары же кеӊештин жалпы депутаттарынын 1-3 белүгүнүн сунуш менен чакырылат.
5 4 Депутаттар тарабынан кезексиз сессияны чакыруу сунушун жазуу түрүндѳ карала турган маселелерди кѳрсѳтүү менен кезексиз сессияны ѳткѳрүү зарылдыгы тууралуу кеңештин торагасына берилет.
5.5 Иш план боюнча Кеӊештин сессиясына материалды, иш планды бекитилген жооптуу адамдар даярдайт. Ал эми пландан тышкары каралуучу маселелер боюнча маселени кароону сунуш кылган жактар даярдайт.
5 6 Кеӊештин чечими же кеңештин тѳрагасынын буйругу менен кеӊештин компетенциясына кирген маселелерди даярдоо үчүн депутаттардан, адистерден, коомдук уюмдардан жана жарандардын ѳкүлдѳрүнѳн турган жумушчу топ түзүлүшү мүмкүн.
5 7 Кезектеги сессиянын күн тартибине сунушталган маселелер боюнча материалдар (чечимдердин долбоорлору, маалымдамалар, кайрылуулар ж.б.) Сессия болгонго чейин беш күндѳн кечиктирбей кеӊештин катчысына жазуу түрүндѳ берилиш керек.
5 8 Айылдык кеңештин сессиясында каралып жаткан маселе боюнча депутаттардын жалпы санынын кѳпчүлүк добушу менен чечим кабыл алынат.
5.9. Айылдык кеңештин сессиясы коомчулук үчүн ачык ар бир жаран айылдык Кеӊеш тарабынан бекитилген регламентке ылайык сессияга катышууга укугу бар.
5.10. Айылдык кеӊеши эгерде каралуучу маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга таандык болсо, жа'бь/к сессияны ѳткѳрүү жѳнүндѳ чечим кабыл ала алат.
5.11. Айылдык сессиялардын датасы жана күн тартиби жѳнүндѳ жарандарды алдын ала кабардар кылуу боюнча бардык чараларды кѳрүүгѳ, алардын сессияларга кирүүсү үчүн бардык шарттарды түзүүгѳ, ошондой эле кѳрүлгѳн чаралар тууралуу жергиликтүү жамаатка маалымдоого милдеттүү.
VI. Айылдык кеӊештин сессиясынын жумушчу органдары
6.1. Айылдык кеңештин сессиясы, сессия учурунда уюштуруучулук иштерди тейлѳѳ максатында жумушчу органдардын-секретариаты, зарылчылык пайда болгон эсептѳѳ комиссиясынан, башка да комиссия түзүлѳт. Жумушчу органдар сессияга катышып жаткан депутаттардын кѳпчүлүгүнүн добушу менен бекитилет.
6.2. Сессиянын секретариаты сессиянын жумушун стенографиялык жазууну жүргүзүшѳт. Суйлѳѳчүлѳрдү, суроолорду, талап коючуларды тактайт, тиешелүү материаддарды сессияны алып баруучуга тапшырат. Секретариат сессиянын регламентинин сакталышына кѳзѳмѳлдүк жүргүзѳт, депутаттарга түшүндүрмѳ берет, айылдык Кеӊештин жооптуу катчысына тапшырат.
6.3. Секретариат сессиянын материалдарын, протоколдорду жазып беш күндүн ичинде кол коюуга даярдайт.
VII. Сессиянын күн тартиби жана иштөө тартиби
7.1. Сессиянын күн тартиби жана иштоо тартиби айылдык кеңештин төрагасы тарабынан сунушталат.
7.2. Күн тартиби депутаттар тарабынан талкууланып бекитилет.
7 3 Эгерде депутаттар тарабынан күн тартипке иштѳѳ тартибине ѳзгѳртүү киргизүү же кошумча маселе сунуш кылышса, ал депутаттардын талкуулоосуна жана бекитүүсүнѳ сунуш кылынат.
VIII. Айылдык кеңештин депутаттарынын сессия учурундагы укуктары жана милдеттери
8.1. Сессиянын жумушчу органдарын шайлоого, шайланууга жана ал органдарга ѳзүнүн талапкерлигин сунуштоого;
8.2. Күн тартиби, иштѳѳ тартиптери боюнча сунуштарды берүүгѳ, аны добушка койдурууга;
8.3. Сессиянын токтомдоруна ѳзгѳртүүлѳрдү жана кошумчаларды сунуш кылууга, аны добушка койдурууга;
8.4. Айылдык кеӊештин компетенциясына кирген маселер боюнча мекеме, ишкана жана башка органдардын жетекчилеринин отчетторун угууну күн тартибине киргизүүнү сунуштоого;
8 5. Ыйгарым укуктарына ылайык депутаттык изилдѳѳ, текшерүү жүргүзүү үчүн сессиянын чечимин чыгарууну сунуштоого;
8 6. Сессиянын Регламентин жана иштѳѳ тартибин толук сактоого;
8 7. Депутаттарга сессиянын жумушчу органдарына, чакырылгандарга сый мамиле жасоого (орой мамиле жасоого, аброюн кетирүүгѳ жол берилбейт),
8.8. Сессиянын ишине активдүү катышууга жана ар бир талкууланган маселенин чечилишине ѳзүнүн жеке пикирин сактоо менен добуш берүүгѳ.
IX. Кеӊештин токтомдору
9.1. Кеӊештин токтому депутаттардын талкуусунан кийин, сессияга катышкан депутаттардын жалпы санынын кѳпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
9.2. Кеӊештин сессиясына катышкан депутаттардын кѳпчүлүк добушу менен туруктуу сессияларынын ѳзгѳртүү жана мурда кабыл алынган чечимдерди жокко чыгаруу жана токтомго киргизүү жѳнүндѳ чечимдерди кабыл алат.
9.3. Сессиянын жүрүшүндѳгү маселелер боюнча кеңеши токтом түрүндѳ кабыл алат жана токтомго Кеӊештин тѳрагасы кол коёт.
9.4. Кеӊештин депутаты кеӊештин сессиясында кабыл алынган токтомго макул эместигин кат жүзүндѳ же оозеки билдирүүсү Кеӊештин протоколуна жазылат.
9.5. Токтомдун долбоору сессияга катышкан депутаттардын кѳпчүлүк добушу менен негизинен кабыл алынгандан кийин токтомдун долбоорунун ар бир пункту боюнча талкууланып, толугу менен кабыл алынат.
9 6. Кеӊештин чечимин бастырып чыгаруу, Кеӊештин токтомдорунун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Кеӊештин аппаратына жүктѳлѳт.
9.7. Айылдык Кеӊештин токтому айыл аймагынын аймагындагы мекеме-уюмдарда аткарылууга милдеттүү.
9.8. Кеӊештин токтомдору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жокко чыгарылышы, болбосо күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.
X. Айылдык кеңештин төрагасы
10.1. Кеңештин сессиясын чакырат жана тѳрагалык кылат. Кенештин токтомдоруна жана чечимдерине кол коет, аларга кѳзѳмѳлдүк кылат.
10.2. Жарандардын айылдык кеңешке кайрылган арызы, даттанууларын карайт.
10 3 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардак наамдарын ыйгаруу жѳнүндѳ жогорку оргапдарга расмий ѳтүнүч жасайт.
10.4. Кеңештин регламентинин сакталышын кѳзѳмѳлдѳйт.
10.5. Кеңештин протоколуна токтомдоруна жана башка документтерине кол коет.
10.6. Кеӊештин төрагасынын орун басарына талапкерди шайлоого сунуш киргизет.
10.7. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде кеңешке жүктөлгөн милдеттери боюнча башка маселелерди чечет.
10.8. Айылдык кеӊештин төрагасы, ѳзүнүн милдетин кезектеги мөөнөткө жаӊыдан чакырылган кеңештин биринчи сессиясына чейин аткарат.
XI. Айылдык кеӊештин төрагасынын орун басары
11.1. Төраганын орун басары кеӊештин төрагасы жок болуп калган жана тѳрага ез функцияларын аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурларда кеңештин тѳрагасынын милдетин аткарат.
11.2. Айылдык кеңештин тѳрагасынын орун басары ѳзүнүн милдетин коомдук башталышта аткарат.
XII. Кеӊештин жооптуу катчысы
12.1. Айылдык кеӊештин катчысынын милдетин айылдык өкмөтүнүн жооптуу катчысы аткарат.
12.2. Кеӊештин депутаттарынын депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууда, депутаттарды тийиштүү маалыматтар менен камсыз кылат.
12.3. Айылдык ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы айылдык Кеӊешинин сессияларынын протоколун жүргүзѳт, кеӊештин иш планынын аткрылышын камсыз кылат.
12.4. Жарандардын айылдык кеӊешке кайрылган арыз даттанууларын, кайрылууларын карайт жана тиешелүү чара кѳрүү менен жооп берет.
12.5. Туруктуу жана убактылуу комиссиялардын ишин координациялайт.
12.6. Кеӊештин укуктук актыларынын жазылышына жана аткарылышына жооптуу.
12.7. Кеӊешке тушкен документтердин зсебин жүргүзѳт.
12.8. Кеӊештин сессиясына материалдарды даярдайт, аны депутаттарга таркатат.
12.3. Айылдык өкмөтүнүн жооптуу катчысы айылдык Кенешинин сессияларынын протоколун жургузот. кеңештин иш планынын аткарылышын камсыз кылат.
12.4. Жарандардын айылдык кеңешке кайрылган арыз даттанууларын, кайрылууларын карайт жана тиешелуу чара коруү менен жооп берет.
12.5. Туруктуу жана убактылуу комиссиялардын ишин координациялайт.
12.6. Кеңештин укуктук актыларынын жазылышына жана аткарылышына жооптуу.
12.7. Кеңешке түшкөн документтердин эсебин жүргүзѳт.
12.8. Кеңештин сессиясын материалдарды даярдайт, аны депутаттарга таркатат.
12.9. Депутаттарды, мекеме-ишканалардын жетекчилерин, коомдук ѳз алдынча башкаруу уюмдарынын ѳкүлдѳрү жана башка тиешелүү адамдарды сессияга катышууга чакырат.
12.10. Сессияга депутаттардын катышуусунун эсебин жүргүзѳт.
12.11. Сессиянын токтомдорунун, чечимдеринин долбоорун даярдайт, кабыл алынган токтомдорду таратууну уюштурат жана башка функцияларды аткарат.
12.12. Айылдык кеңештин токтомдорун юридикалык каттоодон ѳткѳрѳт.
XIII. Кеңештин туруктуу комиссиялары
13.1. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары кеӊештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле кеӊештин чечимдерин ишке ашырууга, ушул чечимдердин ведомстволук аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына контролдук кылуу үчүн түзүлѳт. Кеӊеш тарабынан ошондой эле туруктуу комиссиялар да түзүлсѳ болот.
Комиссиялардын тизмеги, алардын сандык курамы жана шайлоонун тартиби жергиликтүү кеӊеш тарабынан аныкталат. Кеӊеш ыйгарым укуктарынын мѳѳнѳтүнүн ичинде зарылчылыкка жараша, жаӊы туруктуу комиссияларды түзѳт, мурда түзүлгѳндѳрүн таратат жана кайра уюштурат, алардын курамына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизе алат.
Туруктуу комиссиялар тиешелүү жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынын ичинен түзүлѳт. Жергиликтүү кенештердин туруктуу комиссияларынын курамына кеӊештин тѳрагасы жана орун басары шайланышы мүмкүн эмес.
Туруктуу комиссиялар тѳраганы шайлайт. Комиссиялар ѳзүнүн ишинин негизги багыттары боюнча кичи комисияларды түзѳ алат.
Туруктуу комиссиянын жана кеӊештин тѳрагасынын сунушу боюнча тиешелүү кеӊеш туруктуу комиссиялардын курамына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизет.
Комиссия мүчѳлѳрүнүн ыйгарым укуктары кеӊеш тарабынан анын ѳтүнүчү боюнча, ошондой эле ал ѳзүнүн милдеттерин аткарууга мүмкүндүк болбогон жагдайларга байланыштуу мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулушу мүмкүн.
. Жергиликтүү кеӊештердин туруктуу комиссияларынын укуктары, милдеттери, аларды уюштуруунун тартиби жана туруктуу комиссиялардын иши ушул Мыйзам, жергиликтүү кеӊештин регламенти жана Кыргыз Республикасынын дагы башка мыйзамдык актылары менен белгиленет.
Жергиликтүү кеӊештин туруктуу комиссиялары ѳзүнүн ишине окумуштууларды, адистерди, практик кызматчыларды, дагы башка адамдарды тартууга укуктуу.
Жергиликтүү кеӊештин туруктуу комиссиялары ѳзүнүн компетенциясына таандык маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алат.
Жергиликтүү кеӊештин туруктуу комиссиялары ведомстволук аймакта жайгашкан уюмдар менен мекемелердин оперативдүү чарбачыл ишине кийлигишүүгѳ укуксуз.
13.2. Жергиликтүү кеӊештин туруктуу комиссиялары:
- кеӊештин кароосуна киргизилүүчү экономикалык, социалдык жана тиешелүү улуттук маданий ѳнүгүүгѳ байланышкан маселелерди даярдоого катышат.
- тиешелуу аймактын социалдык-маданий жана ѳндүрүштүк инфраструктурасын ѳнүктүрүү, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чыӊдоо боюнча кеӊешке сунуштарды киргизет.
- ѳзүнүн аймагын экономикалык жактан ѳнүктүрүүнүн жана бюджеттин пландарынын долбоорлорун, пландардын аткарылышы жана бюджеттин толтурулушу жѳнүндѳ отчетторду алдын ала карайт, алар боюнча ѳздѳрүнүн сын-пикирлерин даярдайт, зарылчылык туулса, аларды кеӊешке киргизет.
- жергиликтүү кеӊеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына жана уставдын талаптарынын аткарылышы сакталышына контролду ишке ашырат.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана тиешелүү кеӊештин регламенти аркылуу сунушталган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
Жергиликтуу кеӊештин туруктуу комиссиялары ѳзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация органдарынын жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын жана тиешелүү аймакта жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин угууга укуктуу.
13.3. Жергиликтүү кеӊештин туруктуу комиссияларынын жыйналыштары комиссиялардын иш планына ылайык чакырылат.
Туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына кеӊеш берүүчү добуш укугу менен ушул комиссияларга мүчѳ болуп эсептелбеген депутаттар катыша алат.
Бир нече комиссиянын карамагына кирген маселелер комиссиялардын демилгеси боюнча, ошондой эле жергиликтүү кеӊештин тапшырмасы боюнча комиссиялар тарабынан даярдалат жана бирге каралат.
Туруктуу комиссиялардын бардык мүчѳлѳрү бирдей укуктардан пайдаланышат.
XIV. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби
Негизги жоболор
14 1 Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Конститтуциясынын, «Жепгиликтүү оз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоону ѳткѳрүү тартибин аныктайт.
«Жепгиликтүү оз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-берене жана ушул Жобо менен жѳнгѳ салынбаган айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоонун тартиби айылдык Кеӊештин регламенти менен аныкталат.
14 2 Айыл өкмөтүнүн башчысы тийиштүү айылдык Кеӊештердин депутаттары (депутаттары) тарабынан анын чакырылышы мѳѳнѳтүнѳ карата жашыруун добуш берүү аркьшуу шайланат.
14 4 Айылдык Округдун башчысынын кызмат ордуна талапкерди кѳрсѳтүүгѳ, айылдык Кеӊештин депутаттары (депутаты), ошондой эле райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким (мындан ары-аким) укуктуу.
14.4. Аракетке жѳндѳмдуу, жогорку билимдүү жа»а мамлекеттик же муниципалдык кызматта эки жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар же болбосо мамлекеттик билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелеринде же жеке жеке менчик түрүндѳгү чарбакер субъекттерде жетекчи кызматтарда үч жылдан кем бар эмес иш тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын жараны айылдык өкмөтүнүн башчысы боло алат.
Кылмыш кылгандыгы үчүн соттолгон жана соттолгондугу жоюлганына, мыйзамда белгиленген тартипте алынып салынганына карабай Кыргыз Реепубликасынын жараны айыл екметүнүн башчысы боло албайт.
14 5 Айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаӊы шайланган айылдык кеӊештин биринчи жыйналышынын күнүнѳн тартып 10 календардык күндѳн кечиктирилбестен дайындалат.
Айыл ѳкмѳтүнүн башчысы ээлеген кызматынан мѳянѳтүнѳн мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы бош орун түзүлгѳн күндѳн тартып 10 календардык күндѳн кечиктирбестен айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоону дайындайт.
Айыл ѳкмѳтүнүн башчысы айылдык кеӊештин чакыруу мѳѳнѳтү аяктаганга чейин 90 каленндардык күн калганда ээлеген кызмат ордунан мурда бошотүлган үчүрда Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаӊы шайланган айыл кеӊешинин биринчи жыйналышы ѳткѳнгѳ чейин айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо дайындалбайт.
Айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган күндѳн тартып 20 календарлык күндүн ичинде ѳткѳрүлѳт.
Айыл ѳкмѳтүнүн башчысын кызмат ордунан мѳѳнѳтүнѳн мурда бошотулган учурда аким жаӊы айыл ѳкмѳтү шайланганга чейин ѳзүнүн акты менен айыл ѳкмѳтүнүн милдетин аткаруучуну дайындай алат.
14 6 Айыл өкметүнүн башчысын шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайьндалган күндѳн тартып 25 календардык күндүн ичинде ѳткѳрүлѳт.
Бообордук шайлоо комиссиясынын атайын ѳкүлдѳрү тиешелуу аймактык шайлоо комиссияларында айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоону жана ѳткѳрүүнү координациялоону жүргүзүшѳт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын тѳрагасы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону координациялоо жана байкоо жүргүзүү үчүн тийиштүү аймактык комиссиясына Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчѳсүн жиберүүгѳ укуктуу.
14 7 Айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо жергиликтүү Кеӊештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү аркылуу ишке ашырылат. Айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо эгерде ага айылдык Кеӊештин депутаттарынын жалпы санынын үчтѳн экисинен кем эмес катышса болду деп эсептелинет. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону ѳткѳрүү жол-жобосу «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, ушул Жобого жана жергиликтүү Кеӊештин Регламентине ылайык ишке ашырылат.
14.8. Шайланган айыл өкмөтүнүн башчысына тиешелуү аймактык комиссиясы тарабынан күбѳлүк берилет. Күбѳлүктүн формасы жана тексти Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.
14.9. Бул Жобону бузуу шайлоону жараксыз деп табууга алынып келет.
XV. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди каттоонун тартиби
15.1. Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерди кѳрсѳткѳн субъект тарабынан каттоо үчүн шайлоо күнүнѳ чейин 5 жумушчу күнүнѳн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына тѳмѳндѳгүдѳй документтер сунушталат.
1) жергиликтуу ѳз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерди кѳрсѳтүү жѳнүндѳ чечим;
2) ат салышууга жѳнүндѳ талапкердин арызы;
3) фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын, иштеген жерин, ээлеген кызматы, (кызматынын түрүн) жана турган жерин кѳрсүтүү менен талапкердин ѳмүр баянынын маалыматтары;
4) ушул Мыйзамдын 42 - жана 48 - беренелеринин талаптарын тастыктоочу тийиштүү документтер.
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндѳн тартып 3 календарлык күндүн ичинде жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерди кѳрсѳтүүнүн тартиби ушул Мыйзамдын талаптарына шайкеш келе тургандыгын текшерет жана талапкерди каттоо жѳнүндѳ - чечим же болбосо каттоодон баш тартуу жѳнүндѳ жүйѳлѳштүрүлгѳн чечим чыгарат. Мында згерде шайлоо комиссиясы ушул талапкерди каттоого тоскоол болуучу талапкердин документтериндеги шайкеш келбестикти тапса, документтерди алгандан кийин 24 сааттын ичинде шайлоо комиссиясы ошол шайкеш келбестиктер жѳнүндѳ талапкерди кѳрсѳткѳн субьектиге кабар билдирүүгѳ милдеттүү. Талапкерди кѳрсѳткѳн субъект кабар алган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл ѳзгѳртүүлѳрдү киргизип, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына оӊдолгон документтерди тапшырууга укуктуу.
Талапкерди каттоодон баш тартуу чечим кабыл алынган учурда тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы аны кабыл алган учурдан тартып бир сутканын ичинде талапкерди кѳрсѳткѳн субъектиге баш тартуунун негиздерин баяндоо менен шайлоо комиссиясынын чечиминин кѳчүрмѳсүн берүүгѳ милдеттүү.
Талапкерлерди каттоодон баш тартууга тѳмѳндѳгүлѳр негиз боло алат:
1) ушул Мыйзамда каралган кѳрсѳтүүнүн тартиби сакталбашы.
2) Талапкерде пассивдуу шайлоо укугунун жоктугу.
3) Талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына таандык экендиги
4) Талапкерди кѳрсѳткѳн субъектин ушул берененин 1-бѳлүгүндѳ кѳрсѳтүлгѳн бардык зарыл документтерди бербегендиги.
Талапкерди каттоодон баш тартуу жѳнүндѳ чечим Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн.
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы бардык талапкерди каттагандан кийин эки календардык күндүн ичинде жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоону уюштурат.
Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын аппараттары жай берүү, добуш берүү үчүн кабиналарды, добуш берүү үчүү үкѳктѳрдү орнотуу жана шайлоону ѳткѳрүүгѳ байланыштуу башка маселелерди чечүү жолу менен аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону ѳткѳрүгѳ кѳмѳк кѳрсѳтүүгѳ милдеттүү.
15.2. Талапкер кайсы учурда болбосо да бирок добуш берүүгѳ чейин экиi күн калгандан кечиктирбестен бул тууралуу тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндѳ арыз берип, шайлоого мындан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. Мындай учурда талапкерди каттаган тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерди каттоону жокко чыгаруу жѳнүндѳ чечим кабыл алууга милдеттүү.
Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысьнын кызмат ордуна талапкерди кѳрсѳтүүгѳ укугу бар субъект кайсы учурда болсо да добуш берүүгѳ чейин эки календардык күндѳн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндѳ тиешелүү арыз берип, таапкерди чакыртып алууга да укуктуу. Мындай учурда субъект тарабынан кѳрсѳтүлгѳн талапкерди каттаган тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерди каттоону жокко чыгаруу жѳнүндѳ чечим кабыл алууга милдеттүү.
XVI. Шайлоону уюштуруу
16 1 Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону уюштуруу үчүн добуш берүү күнүнѳ чейин 2 календардык күндѳн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына чечим менен курамында аимактык шайлоо комиссиясынын тѳрагасы жана эки мүчѳсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясындагы Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын ѳкүлү жана айылдык Кеӊештин ѳкүлу болуп эсептѳѳ комиссиясы түзүлѳт.
Эсептѳѳ комиссиясы ѳз отурумунда курамынан тѳраганы жана катчысын шайлоо жѳнүндѳ чечим кабыл алат жана тиешелүү протокол тузулуп, бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына ылайык жергиликтуу Кенешке кабарланат.
16.2. Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоо бюллетендеринин текстин бекитет, аларды сактоону камсыз кылат, оз жыйналыштарынын протоколдорун жүргүзүүнү уюштурат, ушул жобого ылайык башка ыйгарымдарды ишке ашырат.
16.3. Шайлоо бюллетендери мамлекеттик же расмий тилдерде басылып чыгарылат. Шайлоо бюллетендери аймактык шайлоо комиссиясынын мѳрү менен күбѳлѳндүрүлѳт жана ага эсептѳѳ комиссиясынын мүчѳлѳрү кол коёт.
16.4. Бюллетенге айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлер алфавиттик тартипте киргизилет.
16.5. Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын аппараттары аймактык шайлоо комиссияларына добуш берүүчү жайды берүү, ал үчүн кабиналарды, укокторду орнотуу жана шайлоону ѳткѳрүүгѳ байланыштуу башка маселелерди чечүү аркылуу шайлоону уюштурууга кѳмѳктѳшүүсү милдеттүү.
16.6. Депутаттардын жыйынга келишине жоопкерчиликти тиешелү айылдык Кеӊештин тѳрагасы тартат.
16.7. Добуш берүү жол жобосун камсыздоо жоопкерчилигин аймактык шайлоо комиссиясы тартат.
XVII. Шайлоону ѳткѳрүү жана добуш берүүнүн тартиби
17.1. Айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо атайын бѳлүнгѳн бѳлмѳдѳ ѳткѳрүлѳт.
17.2. Добуш берүүнүн алдында добуш берүү үкѳктѳрү эсептѳѳ комиссиясы тарабынан текшерилет, пломба коюлуп, мѳѳр басылып бекитилет.
17.3. Ар бир депутат жеке ѳзү добуш берет, башка адамдар үчүн добуш берүүгѳ жол берилбейт.
17.4. Добуш берүүчү үкѳктү ачуу алдында пайдаланылбаган бюллетендер эсептелет жана эсептѳѳ комиссиясы тарабынан жокко чыгарылат. Добуш берүүнүн аякташы эсептѳѳ комиссиясынын тѳрагасы тарабынан жарыяланат.
17.5. Добуш берүүчү үкѳктү ачууга добуш беруу аяктаганга чейин тыюу салынат.
XVIII. Айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоонун жыйынтыктарын чыгаруунун жана жарыялоонун тартиби
18.1. Добуш беруу аяктагандан кийин эсептѳѳ комиссиясы добуш берүнун жыйынтыгын чыгарат. Добуштарды саноо ачык айкын эсептѳѳ комиссиясынын мучолору тарабынан гана жүргүзүлѳт жана добуш берүүчү бѳлмѳдѳ тыныгуусуз ѳткѳрүлѳт.
18.2. Эсептѳѳ комиссиясынын мүчѳлѳрү пайдаланылбай калган бюллетендерди кайрадан эсептеп чыгышат, аларды жокко чыгарышат жана бул туурасында добуш берүүнүн жыйынтыктарынын протоколуна жазышат.
18.3. Жараксыз бюллетендер ѳзүнчѳ эсептелет жана алар туурасында добуш берүүнүн жыйынтыктарын протоколуна жазылат. Шайлоочунун эрк билдирүүсүн аныктоо мүмкүн болбогон, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын мѳѳрү басылбаган, эсептѳѳ комиссиясынын мүчѳлѳрүнүн колу коюлбаган же бекитилбеген формага ылайык келбеген бюллетендер жараксыз болуп саналат.
18.4. Добуш берүчү үкѳктѳгү бюллетендердин негизинде аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүгѳ катышкан депутаттардын жалпы санын, айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкер үчүн берилген «макул» жана «баардык талапкерлерге каршы» берилген добуштардын санын аныктайт.
18.5. Добуштарды саноонун натыйжасы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылат жана алар протоколго киргизилет. Протокол аймактык шайлоо комиссиясынын мѳѳрү менен күбѳлѳндүрүлѳт жана ага эсептѳѳ комиссиясынын мүчѳлѳрү кол коёт.
18.6. Протоколго кол коюлгандан кийин эсептѳѳ комиссиясынын тѳрагасы дароо айылдык Кеӊештин депутаттарына жана катышкан адамдарга добуш берүүнүн жыйынтыгын жарыя кылат жана айылдык Кеӊештин сессиясынын бекитүүсүнѳ протоколго киргизет.
18.7. Тиешелүү айылдык Кеӊештин депутаттарынын жалпы санынын кѳпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
18.8. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жѳнүндѳ протоколду айылдык Кеӊеш бекиткенден кийин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы анын мүчѳсүн райондун акимине жана Борбордук шайлоо комиссиясына жиберет.
18.9. Эки талапкер катталса жана алардын бирѳѳ да депутаттардын зарыл сандагы добушун ала албаса, кѳбүрѳѳк добуш алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру ѳткѳрүлѳт.
- экиден ашуун талапкер катталса жана алардын бирѳѳ да депутаттардын зарыл сандагы добушун алалбаса, кѳбүрѳѳк добуш алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру ѳткѳрүлѳт.
- эгерде биринчи турда талапкерлердин бири кѳбүрѳѳк сандагы добуш алса ал эми кийинки эки талапкер азыраак же бирдей сандагы добуш алышса кѳбүрѳѳк сандагы добуш алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру ѳткѳрүлѳт.
18.10. Добуш берүүнүн экинчи туру ушул жобонун 26-38 пункттарында белгиленген тартипте ѳткѳрүлѳт.
18.11. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы жѳнүндѳ билдирүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
XIX. Айыл өкмөтүнүн башчысын кайрадан шайлоо
19.1. Эгерде айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна бир талапкер катталып, ал депутаттардын зарыл сандагы добушун ала албаса, айыл өкмөтүнүн башчысына кайра шайлоо ѳткѳрүлѳт, эгерде биринчи турда айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна эки талапкер теӊ депутаттардан бирдей сандагы добушун алса, айыл өкмөтүнүн башчысына кайра шайлоо ѳткѳрүлѳт, эгерде биринчи турда бардык талапкерлер бирдей сандагы добуш алса кайра шайлоо ѳткѳрүлѳт.
19.2. Эгерде «баардык талапкерлерге каршы» позициясы үчүн талапкерлерге караганда депутаттар кѳп добуш беришсе кайра шайлоо ѳткѳрүлѳт.
19.3. Эгерде добуш берүүнү күнүн карата бир да талапкер катталбаса же болбосо катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартса, кайра шайлоо ѳткѳрүлѳт.
19.4. Борбордук шайлоо комиссиясы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы шайланбай калган күндѳн тартып 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоону дайындайт.
19.5. Жаӊы талапкерлерди кѳрсѳтүү менен кайра шайлоо аймактык шайлоо комиссиясында кайра шайлоо дайындалган күндѳн тартып 15 календардык күндѳн кечиктирбестен ѳткѳрүлѳт.
19.6. Эгерде шайлоо кворум жоктугунан болбой калса Борбордук шайлоо комиссиясы 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоону дайындайт. Мындай учурда кайра шайлоо мурда катталган талапкерлер боюнча ѳткѳрүлѳт.
19.7. Айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо ушул жобонун 10-40-пункттарында белгиленген тартипте ѳткѳрүлѳт.
XX. Айыл өкмөтүнүн башчысынын шайланбай калуусунун кесепеттери
20.1. Тиешелүү айылдык кеӊештин депутаттары тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысы белгиленген мѳѳнѳттѳ шайланбай калган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президента жергиликтүү Кеӊешке мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону дайындайт.
20.2. Райондун акими ѳзүнүн буйругу менен жаӊы айыл өкмөтүнүн башчысы шайланганга чейин айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин
аткаруучуну дайындай алат.
XXI. Убактылуу комиссиялар
21.1. Айылдык атайын милдеттерди жана тапшырмаларды аткаруу боюнча убактылуу комиссияларды түзүүсү мүмкүн.
21.2. Убактылуу комиссия берилген мѳѳнѳттү сактоо менен тапшырылган иштерди аткарат жана жыйынтыгын билдирет.
21.3. Белгиленген милдеттерин жана тапшырмаларды аткаргандан кийин убактылуу комиссиялардын иш аракеттери сессиянын чечими менен токтотулат.
21.4. Убактылуу комиссиянын иш тартиби туруктуу комиссиянын иш тартибинин негизинде жүргүзүлѳт.
XXII. Кеңештин кѳзѳмѳлдүк жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарынын и ашырылышы
22 1 Кеңештин кѳзѳмѳлдѳѳ ыйгарым укуктарын ишке ашыруу Кеӊештин тѳрагасынын орун басарынын, комиссияларынын жана анын жооптуу кызматкерлеринин эӊ башкы милдеттеринин бири болуп эсептелинет.
22 2 Кеӊеш ѳз компетенциясынын жээктеринде кабыл алынган чечимдерин, токтомдорун, менчиктин түрүнѳ карабастан айылдын аймагындагы бардык ишканалар, уюмдар, мекемелер ошондой эле кызмат адамдары коомдук бирикмелери аткарууга милдеттуу.
XXIII. Жергиликтүү кеңештин сандык курамы
23.1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 23-беренесине негиз 21 депутатты түзѳт.
XXIV. Депутаттык мандат
24.1 Депутаттык мандат төш белги жана аймактык шайлоо комиссиясынын тѳрагасы кол койгон күбѳлүк менен ырасталат.
24 2 Депутаттык мандатты токтотуу Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу ѳз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 24-беренесине негиз жүргүзүлѳт.
XXV. Регламентти бекитүүнүн, ѳзгѳртүүлѳрдү, толуктоолорду киргизүүнүн жана жоюнун тартиби
25.1. Депутаттар тарабынан Регламенке ѳзгѳртүү, толуктоо киргизүүгѳ сунуш бере алат.
Сунуштар атайын түзүлгѳн жумушчу топто каралат.
25 2 Айылдык кеңештин Регламентин, типтүү Регламенттин негизинде депутаттардан турган жумушчу топ иштеп чыккандан кийин Кеӊештин сессиясында бекитүүгѳ коюлуп, сессияга катышкан депутаттардын кѳпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
25.3. Айылдык кеңештин Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык ишмердүүлүк токтотулат.
Маӊгыт айылдык Кеӊешинин тӊрагасы А.Малаев.