Загрузка документа…
МАӉГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-февралы № 3/7
Маӊгыт айыл ѳкмѳтүнүн 2016- жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2017- жылга бюджетин бекитүү жѳнүндѳ . Маӊгыт айыл ѳкмѳтүнүн финансы-экономика бѳлүмү тарабынан айылдын экономикалык жана социалдык ѳнүгүүсүнүн 2016 – жылга индикативдик кѳрсѳткүчтѳрүнѳ ылайык даярдалып, айыл ѳкмѳтү тарабынан сунуш кылынып, айыл башчыларынын, бюджеттик мекемелерин жетекчилеринин катышуусу менен айылдык Кеӊештин туруктуу комиссия тарабынан жактырылган Маӊгыт айыл ѳкмѳтүнүн 2016- жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга бюджетти бекитүү жѳнүндѳгү маселени карап жана талкуулап Маӊгыт айылдык Кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. 2016 - жылга карата түзүлгѳн Маӊгыт айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинин кирешелер бѳлүгү 01.01.2016-жылга карата калдык бюджеттин эсебинен 561,1 миӊ сом жана атайын каражаттардын эсебинин 83,0 миӊ сом жалпы калдык 644,1 миӊ сом жана 2016-жыл ичинде түшкѳн киреше 10679,7 миӊ сом жапысынан кошуп эсептегенде киреше бѳлүгү 11323,8 миӊ сом ал эми чыгаша бѳлүгү 9628,0 миӊ сом жана кирешенин чыгашадан 1695,8 миӊ сом артыкчылыгы менен бекитилсин. Айылдык бюджеттин киреше жана чыгаша бѳлүктѳрү №1 тиркемеге ылайык кабыл алынсын. 2. Маӊгыт айыл ѳкмѳтүнүн финансы экономика бѳлүмүнүн 2016-жылдагы бюджетинин статьялар боюнча аткарылышы канаатандырарлык деп табылсын. 3. 2017- жылга Маӊгыт айыл ѳкмѳтүнүн бюджетин божомолу киреше бѳлүгү 10694.3 миӊ сом ал эми чыгаша бѳлүгү 01.01.2017 жылга калган калдыкты 1695,8 миӊ сом кошуп эсептегенде 12390.1 миӊ.сом жана кирешеден чыгашанын 1695,8 миӊ.сом артыкчылыгы менен бекитилсин. Кирешелеринин булактары жана чыгымдоолору № 2 тиркемеге ылайык алымча кошумчасы менен бекитилсин. 4. Айылдык бюджетинин 2017-жылдын 1-январына карата киреше боюнча калдыгы 1695,8 миӊ сом акча каражаттарынын пайдалануусу № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме тиркелет). 5. Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджетинен теӊдѳѳчү гранттардын ѳлчѳмү № 4 тиркемеге ылайык 5394.4 миӊ.сом чыгашалардын жалпы суммасында айылдык бюджети үчүн бекитилсин. (Тиркеме тиркелет). 6. 2018-2019-жылдарга республикальж бюджетинен теӊдѳѳчү гранттардын ѳлчѳмдѳрүнүн болжолу № 5 тиркемеге ылайык жактырылсын. (Тиркеме тиркелет). 7. Чыгымдарды каржылоого биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (эмгек акы, социалдык фондуна чегерүүлѳр, тамактануу жана жеӊилдиктер) ошондой эле коммуналдык чыгымдарды каржылоо боюнча жүргүзүлѳт. Чыгашалардын корголгон беренелери штаттык сандагы бош орундарга жана нормативдик актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтылышы мүмкүн. Чыгашалардын корголгон беренелерин каржылоо үчүн жоопкерчилик Маӊгыт айылдык ѳкмѳтүнүн каржы бѳлүмүнѳ жүктѳлсүн. 8. Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн 07.06.2016-жылдагы №307 токтомдун негизинде: тѳлѳмдѳрдүн 3/2 бѳлүгү жайыт комитеттеринин чыгашаларына, калган бир бѳлүгү айыл ѳкмѳтүнүн социалдык маселелерин чечүү үчүн жумшалсын. 9. Маӊгыт айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу болгон жайыт жерлерин пайдалан гандыгы үчүн тѳлѳмдѳр жергиликтүү бюджеттин киреше бѳлүгүнүн №14152200 “Жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн тѳлѳмдѳр беренесине толугу менен чегерилсин”. 10. Маӊгыт айылдык ѳкмѳтүнүн администрациясы тѳмѳнкүлѳр укуктуу:„ - эгерде бул айылдык бюджеттин киреше бѳлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул токтомдун 1-беренесинде бекитилген суммалардын чектеринде ушул токтомдун тиркемесине ѳзгѳртүү киргизүүгѳ: - кирешелердин болжолдонгондон ашыкча түшүүлѳрүнүн эсебинен айылдык бюджеттин чыгаша бѳлүгүн кѳбѳйтүүнү карап чыгууга Киргизилген ѳзгѳртүүлѳр Маӊгыт айылдык Кеӊеши тарабынан каралат жана кабыл алынат. Сатуудан алынуучу салык айылдык бюджет үчүн 50 пайыз ѳлчѳмүндѳ чегерилсин. Кирешеден алынуучу салык айылдык бюджет үчүн 50 пайыз ѳлчѳмүндѳ чегерилсин Транспорт салыгы, жер салыгы, патенттин негизинде алынуучу салык, КБФ жерлеринин ижара акысы, кыймылсыз мулк, салыгы, муниципалдык менчиктин ижара аксы, таштандыларды ташып чыгаруу үчүн салык, мамлекеттик пошлина, административдик штрафтар, айыл чарба багытындагы эмес жерлерди сатуудан түшүүлѳр, ата-энелер тѳлѳмдѳрү толугу менен 100 % айылдык бюджетке чегерилсин. 11. Айыл чарба багытындагы 720 га суулуу жерлердин салыгынын ѳлчѳмү 20 пайызга жогорулатылсын. 12. Мангыт айыл ѳкмѳтү тарабынан сунуш кылынган аппараттын штаттык бирдиктери жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоого сарпталуучу каражаттар № 4-тиркемеге ылайык бекитилсин. Айыл ѳкмѳтүнүн командировкалык чыгымдары эсебинен айыл ѳкмѳтүнүн кызматкерлерине атайын эсептин негизинде жол акы тѳлѳп берилсин. Маӊгыт айыл ѳкмѳтүнүн 3 штаттык бирдик ВУС инспекторлору жана айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу 4 айылда 4 штаттык айыл башчылары бекитилсин. 13. Айылдык Кеӊештин туруктуу комиссиясына бюджетти толуктоо жана бюджеттик саясатты уюштуруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге кѳмѳк кѳрсѳтүү милдеттендирилсин. 14. Чечимдердин аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык Кеӊешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
| 2.
| ||
|
|