МАӉГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Маӊгыт айылдык кеӊешинин 6-чакырылышынын 3-сессиясы
2017-жылдын 25-февралы № 3/8
Кыргыз Республикасынын "Жайыттар жөнүндө" Мыйзамынын 4 -беренесине ылайык Ош облусунун Араван районунун Маӊгыт айыл аймагынын жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну камсыз кылуу жөнүндө Депутаттардын Маӊгыт айылдык Кеӊеши Кыргыз Республикасынын "Жайыттар жөнүндө" Мыйзамынын 4 -беренесине ылайык Ош облусунун Араван районунун Маӊгыт айылдык аймагынын жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну камсыз кылуу жөнүндөгу маселени карал жана талкуулап төмөндөгүдөй ТОКТОМ КЫЛАТ: 1 .Маӊгыт айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилсин. 2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы Жайыт комитетине жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну жергиликтүү кеӊеш тарабынан расмий бекитилген Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жаматтын көп жылдык жана бир жылдык пландарынын негизинде гана жүргүзүүсү милдеттендирилсин. 3. Ушул токтомдун экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн пландар өз убагында аткарылбаса, же аларды иш жүзүнө ашырууда одоно кемчилдиктерге жол берилсе, анын ичинен Жайыт комитетинин карамагындагы акча каражаттары максатсыз жана натыйжасыз пайдаланылса, өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктары кайра жергиликтүү өз алдьшча башкаруу органына кайтарылып алынары Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы Жайыт Комитетине эскертилсин. 4. Жайыт комитетинин башчысы Жайыт комитетинин бардык мүчөлөрүнө, жайыт пайдалануучуларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жайыттарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынан жана анын жергиликтүү расмий өкүлчүлүктөрүнө жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана бекитилген пландарга ьшайык өз убагында толугу менен тийиштүү отчетторду, маалыматтарды берип туруута милдеттүү. 5. Жайыт комитетине жергиликтүү өз алдьтнча башкаруу органдары тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарды өз убагында жана бекитилген тартипте даярдоодо, макулдашууда, бекитүүдө жана аткарууда ар тараптуу жардамдар такай көрсөтүлүп туруусу белгиленсин. 6. Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган бардык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын "Жайыттар жөнүндө" Мыйзамынын негизинде жүргүзүүлүсү каралсын. 7. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу милдети Маӊгыт айыл өкмөтүнүн башчысы А.Абдуллаевге жүктөлсүн.
|
| ||
|
|