Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-июлу № 01-05/ 55
Ноокен райондук суу чарба Башкармалыгынын балансындагы каналды мэриянын балансына өткөрүп алуу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэри А.Т.Жумаевдин Кочкор-Ата шаарынын аймагын аралап өткөн Ноокен райондук суу чарба Башкармалыгынын балансында турган 410 метр бетон каналды, мэриянын балансына сел арык үчүн пайдаланууга өткөрүп алуу боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдарын жетекчиликке алып ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Кочкор-Ата шаарынын мэри А.Т. Жумаевдин Кочкор-Ата шаарынын аймагын аралап өткөн Ноокен райондук суу чарба Башкармалыгынын балансында турган 410 метр бетон каналды, мэриянын балансына сел арык үчүн пайдаланууга өткөрүп алуу боюнча жазган кайрылуусу эске алынсын. 2. Ноокен райондук суу чарба Башкармалыгынын балансында турган 410 метр бетон каналды, мэриянын балансына сел арык үчүн пайдаланууга өткөрүп алынсын. 3. Баланстан баланска өткөрүп алуу жумуштарынын иш кагаздарына кетүүчү акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөнүп берилсин. 4. Баланстан баланска өткөрүп алуу иштерин колго алууну шаардын вице-мэри Немат уулу Жайнака жүктөлсүн. 5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Өнөр жай, жер, муниципалдык менчик, курулуш жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
| 2.
| ||
|
|