КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-июлу № 01-05/ 56
1-май көчөсүн Садовая көчөсүнөнө Жантөшев көчөсүнө чейин жана Некрасов, Тургенев, Жантөшев көчөслөрүнө асфальт төшөө долбоору боюнча жумуштарды аткарууну тездетүү үчүн шаардык мэриянын өздүк салымын жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүп берүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэри А.Т.Жумаевдин Кочкор-Ата шаарынын 1-май көчөсүн Садовая көчөсүнөн Жантөшев көчөсүнө чейин жана Некрасов, Тургенев, Жантөшев көчөлөрүнө асфальт тошоо боюнча жумуштарына жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым катары акча каражатын ажыратып берүү боюнча кайрылуу катын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Кочкор-Ата шаарынын мэри А.Т.Жумаевдин асфальт тошоо долбоору приоритеттүү деп табылсын. 2. Кочкор-Ата шаарынын 1-май көчөсүн Садовая көчөсүнөн Жантөшев көчөсүнө чейин жана Некрасов, Тургенев, Жантөшев көчөлөрүнө асфальт төшөө долбоору боюнча жумуштарды аткарууну тездетүү үчүн шаардык мэриянын өздүк салымы катары 9 229 867 (тогуз миллион эки жүз жыйырма тогуз миң сегиз жүз алтымыш жети) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин. 3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну мэр А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж. Мамбеткуловага милдеттендирилсин. 4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
| 2.
| ||
|
|