Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 31-марты № 3
Жекенди айылдык округунун 2010-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2011-жылга каралган бюджетинин болжолдуу планын бекитүү жѳнүндѳ
Жекенди айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айылдык округунун 2010-жылдагы бюджетинин планы 22694,5 мин сомго белгиленип 22878,1 мин сомго же 100,8 % ке аткарылгандыгы менен белгиленсин.
2. Жекенди айылдык округунун 2011-жылга бюджетинин киреше бѳлүгү 18811,9 миӊ сомго, чыгаша бѳлүгү 18811,9 миӊ сомго бекитилсин жана тѳмѳндѳгүдѳй болуп бѳлүштүрүлсүн.
-башкаруу аппаратына - 4337,2 миӊ сом,
-билим берүү - 14025,8 миӊ сом,
-маданиятка - 364,9 миӊ сом,
- атайын эсепке – 84,0 мин сом.
3. Жекенди айылдык округунда 1 кассир жана 1 кампа башчысы кызмат орундарын жана Кара-Мык, Жекенди айылдарындагы балдар бакчаларына эки кампа башчысы кызмат орундарын бюджеттен кармап берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Каржы Министрине сунуш берүү жагы айылдык Кеӊештин тѳрагасы К.Калиловдон суралсын.
4. Каралган бюджеттин смета-статьялары менен туура чыгымдалышына контролдук кылуу айылдык округунун башчысы Ш.Анапияевке, финансы-экономика бѳлүмүнүн башчысы Н.Маматовго милдеттендирилсин жана Жекенди айылдык Кеӊешинин Ѳнѳр-жай, курулуш, транспорт, соода-байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык-экономикалык ѳнүктүрүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча комиссиянын тѳрагасы А.Жакыповко жүктѳлсүн.
Жекенди айылдык Кеӊешинин | К.Калилов |