Загрузка документа…
ЖАӉЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-январы № 1/2
Жаӊы-Жол айылдык Кеӊешинин Регламентин жана 2017-жылга иш планын иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүү жөнүндө
Күн тартибиндеги Жаңы-Жол айылдык Кеӊешинин Регламентин жана 2017-жылга иш планын иштеп чыгуу жѳнүндѳ айылдык Кеӊештин тѳрагасы Р.Доорановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын уюштуруу 1-сессиясы Т О К Т О М К Ы Л А Т ; 1. Жаӊы-Жол айылдык Кеӊешинин Регламентин жана 2017-жылга иш планын иштеп чыгуу үчүн тѳмѳндѳгү курамда жумушчу топ түзүлсүн; 1) Дооранов.Р.-жумушчу топтун тѳрагасы мүчѳлѳрү; 2) Анарбаева Сайран 3) Карашов Ажыбай 4) Калпаков Нурубек 5) Райымбеков Керимжан 6) Кулматов Алимбай 7) Маматов Азамат 2. Жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан айылдык Кеӊештин Регламенти жана иш планы туруктуу комиссияларда каралып ,сессияга сунушталсын 3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасына милдеттендирилсин. 4. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
| 2.
| ||
|
|