Загрузка документа…
ЖАӉЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-майы № 5/1
Жаңы-Жол айыл аймагындагы ички жолдорду иретке келтирүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Жаңы-Жол айыл аймагындагы ички жолдорду иретке келтирүү боюнча комиссия түзүү жѳнүндѳ Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн жер адиси М. Акматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезекcиз V сессиясы Т О К Т О М К Ы Л А Т: 1. Жаңы-Жол айыл аймагындагы ички жолдорду иретке келтирүү боюнча тѳмѳндѳгү комиссиянын курамы бекитилсин..
Жаӊы-Жол айылы а) Батырбеков Ѳмүралы- айылдык Кеӊештин депутаты б) Айталиев Жапар - айылдык Кеештин депутаты в) Акматов Марат -жер адистин убактылуу милдетин аткаруучу г) АИБ нын ѳкүлү д) Камчыбеков Талантбек- Таштак айылынын айыл башчысы е) Калганбекова Чынар- Таштак айылынын тургуну ж) Кубатбеков Кубаныч –ардагерлер Кеңешинин төрагасы з) Керимкулов Толубай-Таштак айылынын тургуну к) Токтогулова Жума – Жаңы-Жол айылынын тургуну
Кой-Таш айылы
а) Бактыбеков Жеңишалы- айылдык Кеӊештин депутаты б) Акматов Марат -жер адистин убактылуу милдетин аткаруучу в) АИБ нын ѳкүлү г) Үрүстемов Чекирбек- Кой-Таш айылынын айыл башчысы д) Ашырбеков Алтынбек- Кой-Таш айылынын тургун
Терс айылы
а) Сарымсаков Жеңишбек – депутат б) Акматов Марат -жер адистин убактылуу милдетин аткаруучу в) АИБ нын ѳкүлү г) Узаков Суюнбек –Терс айылынын айыл башчысы д) Момункулов Чолпон –Терс айылынын тургуну
2. Түзүлгөн комиссия тарабынан Жаңы-Жол айыл аймагындагы ички жолдорду ,турак жайларды иретке келтирүү максатында,бөлүнүп берилген жер тилкесинен сырткары,жолго калтырылган жерлерди өз алдынча короолоп алган тургундар,мыйзам боюнча белгиленген чектерине короолорун жылдыруу жагын колго алышсын 3. Белгиленген мөөнөттө, короолорун өз чектерине жылдырбаганбаган жана мыйзамсыз турак жай салган тургундарга, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин» 66-статьясына жана «Граждандык кодекстин» 104-117 статьяларына ылайык чаралар көрүлсүн. 4. Көчөлөрдү иреттөө боюнча иш чараларды жүргүзүү жер адиси М.Акматовго жүктөлсүн. 5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссясына милдеттендирилсин 6. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет
| 2.
| ||
|
|