Загрузка документа…
ЖАӉЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-июну № 6/4
Жаӊы-Жол айылына маркумдар коюлуучу мазардын жер аянтын бекитүү жѳнүндѳ
Жаӊы-Жол айылына маркумдар коюлуучу мазардын жер аянты боюнча 30.04.2015-жылда түзүлгѳн комиссиянын жана Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн жер адиси М.Акматовдун,айылдык Кеӊештин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Жергиликтүү айылдык Кеӊешинин V11-чакырылышынын кезектеги VI-cессиясы Т О К Т О М К Ы Л А Т: 1. Жаӊы-Жол айылына маркумдар коюлуучу мазарга Татты-Дан участкасынан 6,0 га жер аянтын бекитип берүү жагы Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнѳ сунушталсын. 2. Аталган жер аянтынан чѳп чабыкка үлүш алган 8(сегиз) кожолукка,чѳп чабык аянтын тактап берүү жана Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтү боюнча чѳп чабык аянттарды кайра ченеп тактоо жагы 2017-жылдын аягына чейин Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн жер адиси М.Акматовго жүктѳлсүн. 3. Тийиштүү документтерди даярдоо жагы Аксы районунун мамлекеттик каттоо,архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын. 4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы ,айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн. 5. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет
| 2.
| ||
|
|