Загрузка документа…
ЖАӉЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-июну № 7/3
Жаңы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн 2017-жылдын атайын каражатынын планына ѳзгѳртүү киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги Жаңы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн 2017-жылдын атайын каражатынын планына ѳзгѳртүү киргизүү жөнүндө Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Көкүнбаевдин жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы Т О К Т О М К Ы Л А Т: 1. Ѳнүктүрүү саясат институту тарабынан каржыланган“Жергиликтүү деӊгээлде кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү жакшыртуу” долбоору тарабынан,кѳчѳлѳрдү жарыктандыруу үчүн бѳлүнгѳн 1436.6 (Бир миллион тѳрт жүз отуз алты миӊ алты жүз ) сом акча каражаты ѳз статьялары боюнча жумшалсын. 2. Жогорудагы акча каражатын мыйзамдаштыруу жана максаттуу пайдалануу жагы каржы бѳлүмүнүн башчысы К.Кѳкүнбаевге милдеттендирилсин. 3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн. 4. Аталган токтом Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
| 2.
| ||
|
|