Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 31-марты № 5
Жекенди айылдык округуна караштуу Жекенди айылынын Батман-Кѳл участкасындагы жана Чулук айылынын Дѳӊ-Капа участкасындагы курулушу бүткѳрүлгѳн суу түтүктѳрүнүн тарифтик планын бекитүү жѳнүндѳ
Жекенди айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жекенди айылдык округуна караштуу Жекенди айылынын Батман-Кѳл участкасындагы жана Чулук айылынын Дѳӊ-Капа участкасындагы курулушу бүткѳрүлгѳн суу түтүктѳрү айылдык округдун балансасына ѳткѳрүлүп алынгандыгы белгиленсин.
2. Айылдагы суу түтүгүн пайдаланган ар бир кожолукка - 20 (жыйырма) сом акы тѳлѳѳ жагы бекитилсин.
3. Суу түтүктѳрүнүн абалын кароо үчүн бирден штат кармоого тийиштүү жерлерге сунуш берүү жагы Жекенди айылдык кеӊешинин тѳрагасы К.Калиловдон суралсын.
4. Суу түтүктѳрүнүн абалын кароо үчүн штаттык орундарга 1 500 (бир мин беш жүз) сом эмгек акы тѳлѳнүү жагы белгиленсин.
5. Суу түтүктѳрүнүн абалын контролдоо үчүн депутаттык топ тѳмѳндѳгү курамда түзүлсүн.
1. К. Калилов – депутаттык топтун тѳрагасы
2. А. Раимкулов – мүчѳсү
3. Ж. Садыкбаев - мүчѳсү
6. Жекенди айылындагы мончону сатууга ( шарттары менен ) уруксат берилсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жекенди айылдык округунун башчысы Ш.Анапияевке, финансы-экономика бѳлүмүнү башчысы Н.Маматовго милдеттендирилсин жана Жекенди айылдык Кеӊешинин ѳнѳр-жай, курулуш, транспорт, соода-байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык-экономикалык ѳнүктүрүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча комиссиянын тѳрагасы А.Жакыповко жүктѳлсүн.
Жекенди айылдык Кеӊешинин тѳрагасы |
К.Калилов |