Загрузка документа…
ЖАӉЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-июну № 7/6
Жаӊы-Жол айылына курулган спорт залды жер аянты менен айыл ѳкмѳтүнүн балансына алуу жѳнүндѳ
Жаӊы-Жол айылына курулган спорт залды жер аянты менен айыл ѳкмѳтүнүн балансына алуу жѳнүндѳ,айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Осмонованын билдирүүсүн жана мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап,Жергиликтүү айылдык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги VII cессиясы Т О К Т О М К Ы Л А Т: 1. Жаӊы-Жол айылынын Арал участкасына курулган спорт зал, жер аянты менен Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн балансына алуу жагы сунушталсын. 2. Тийиштүү документтерди даярдоо жагы Аксы районунун мамлекеттик каттоо,архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын. 3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы ,айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн. 4. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет
| 2.
| ||
|
|