Загрузка документа…
ЖАӉЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-июну № 7/7
Жаӊы-Жол айыл аймагында спирттик ичимдиктерди сатуу графигин белгилѳѳ жѳнүндѳ
Жаӊы-Жол айыл аймагында спирт ичимдиктерин сатууга чектѳѳ кою боюнча айыл тургундарынын арызын угуп жана талкуулап, Жергиликтүү айылдык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги VII cессиясы Т О К Т О М К Ы Л А Т: 1. Жаӊы-Жол айыл аймагында спирт ичимдиктерин сатууга руксаты бар соода түйүндѳрүндѳ тѳмѳндѳгү белгиленген мѳѳнѳттѳ:жаз-жай убактысында 8:00-21:00 го чейин,ал эми кышкы убакта 9:00-17:00 го чейин сатуу жагы белгиленсин. 2. Жаӊы-Жол айыл аймагында спирт ичимдиктерин сатууга руксаты жок соода түйүндѳрүнѳ спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынсын. 3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы ,мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына жана Жаӊы-Жол айылдык милиция бѳлүмчѳсүнѳ жүктѳлсүн. 4. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет
| 2.
| ||
|
|