Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 5-августу № 35
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жѳнүндѳ” № 26 Жарлыгын турмушка ашырууда айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын жана айыл ѳкмѳтүнүнүн аймагында жүргүзүп жаткан иштери жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жѳнүндѳ” № 26 Жарлыгын турмушка ашырууда айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын жана айыл ѳкмѳтүнүнүн аймагында жүргүзүп жаткан иштери боюнча айыл аймагынын айылдык Кеӊештин укук тартибиби, мыйзамдуулукту сактоо жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Э Ташмуратовдун маалыматын угуп жана талкуулап Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин (V чакырылышы) кезектеги XXXXII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: “Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жѳнүндѳ” №26 Жарлыгын турмушка ашырууда айыл ѳкмѳтүнүн алдында атайын координациялык кеӊеш түзүлүп анын иш чаралар пландары түзүлүп айыл ѳкмѳтүнүн аймагында жүргүзүп жаткан иштердин бар экендиги белгиленсин. 2. 2016-жыл ичинде аткаруу милдеттери берилди: - Болмолорго байкоочу видео камераларды орнотуу жана ишеним телефондорун илүү, - Коррупциялык коркунучтарды баалоо жана башкаруу аркылуу коррупциянын алдын алуу, - Коомдук угууларды жүргүзүү аркылуу, Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн коррупцияга каршы программасын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулоо жер жерлерде жарандардын катышуусун активдештирүү, - Коррупциялык коркунучтар жана коррупциялык тажрыйбалар жогорку болгон зоналардын маалымат базасын түзүү жумуштары жандандырылсын. - Мектептерде жана балдар бакчаларында балдардан мыйзамсыз салык салып акча жыйноо кѳрүнүштѳрүнѳ жол берилбесин 3. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Суу-Башы айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы С.Борубаевге тапшырылсын.
| 2.
| ||
|
|