Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-августу № 39
Садыков Абдижапар Мажитовичти Баткен районунунун «Ардактуу атуулу» наамына кѳрсѳтүүгѳ сунуш берүү жѳнүндѳ
Суу-Башы айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы С.Борубаевдин Садыков Абдижапар Мажитовичти Баткен районунун «Ардактуу атуулу» наамына кѳрсѳтүү боюнча сунушун угуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин (V чакырылышы) кезексиз XXXXIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Кыргыз Республикасынын Коомчулукту ѳнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун (АРИСтин) Баткен районунун коомчулукту колдоо жана ѳнүктүрүү боюнча эксперти Суу-Башы айыл ѳкмѳтүнүн атуулу Садыков Абдижапар Мажитовичти Баткен районунун «Ардактуу атуулу» наамына кѳрсѳтүүгѳ сунуштайт. 2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Баткен райондук депутаттардын кошмо жыйынынан суралсын. 3. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин тѳрагасынын орун басары М.Жоробаевге жүктѳлсүн.
| 2.
| ||
|
|