Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-августу № 40
Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2016-2018-жылдарга карата түзүлгѳн «Жайыттарды башкаруу жана мал чарбасын ѳнүктүрүү боюнча коомчулуктун планын» жана 2016-жылга финансылык планын бекитүү жѳнүндѳ
Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2016-2018-жылдарга карата түзүлгѳн «Жайыттарды башкаруу жана мал чарбасын ѳнүктүрүү боюнча коомчулуктун планын» жана 2016-жылга финансылык планын бекитуу максатында Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин (V чакырылышы) кезексиз XXXXIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2016-2018-жылдарга карата түзүлгѳн «Жайыттарды башкаруу жана мал чарбасын ѳнүктүрүү боюнча коомчулуктун планын» жана 2016-жылга финансылык планы бекитилсин. 2. Ушул токтомду аткаруу жагы Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ), Жайыт комитетинин (ЖК) тѳрагасына жүктѳлсүн. 3. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Суу-Башы айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ тапшырылсын.
| 2.
| ||
|
|