Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-августу № 41
Суу-Башы айыл ѳкмѳтүнүн аймагындагы Кара-Токой айылындагы мурдагы МТФнын астындагы жана Айгул-Таш айылынын батыш тарабынан Кара-Булак айыл ѳкмѳтү менен чектеш иштетүүгѳ ынгайсыз жерден ижаралык ыкма менен ѳздѳштүрү үчүн жер аянтын бѳлүп берү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруусу жѳнүндѳгү» Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы № 306 сандуу токтомунун, «Жер кодексинин» 32 – беренесине ылайык Суу-Башы айыл ѳкмѳтүнүн жер адиси Маркаев Саитказынын билдирүүсүн жана Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын инвентаризациялоо материалынын негизинде Суу-Башы айыл ѳкмѳтү ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Суу-Башы айыл ѳкмѳтүнүн аймагындагы Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын инвентаризациялоо материалында кѳрсѳтүлгѳн Кара-Токой айылындагы мурдагы МТФнын астындагы 8,5 га жер аянтын жана Айгул-Таш айылынын туштук батыш тарабынан Кара-Булак айыл ѳкмѳтүнүн чек арасы менен чектеш 2,0 га жер аянтын ижарачы ѳзүнүн эсебинен каражат жумшап (жерди тегиздеп, чуӊкурларды толтуруп, арык салып, суу чыгарып жана башка) келишимдин негизинде 7 (жети) жылдык мѳѳнѳт менен ижаралык ыкмада ѳздѳштүрүү үчүн берилсин. 2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы айыл ѳкмѳтүнѳ тапшырылсын. 3. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳтүнүн жерге жайгаштыруу маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
| 2.
| ||
|
|