Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-августу № 42
Суу-Башы айыл ѳкмѳтүнүн аймагындагы Айгүл-Таш айылынан жер участокторун которуштуруу (трансформациялоо) жѳнүндѳ
“Муниципалдык менчик жѳнүндѳгү” Мыйзамынын 19-статьясынын жана Жер кодексинин 13, 18-статьяларынын негизинде айыл ѳкмѳтүнүн аймагына социалдык маданий обьектилерди куруп инфраструктураны жакшыртуу боюнча айыл ѳкмѳтүнчн жер адиси С.Маркаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Суу-Башы айылдык Кеӊештин V чакырылышынын кезексиз ХXXXIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Суу-Башы айыл ѳкмѳтүнүн аймагында жайгашкан Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын инвентаризациялоо материалында кѳрсѳтүлгѳн Айгул-Таш айылынын түндүк тарабынан Ош–Баткен авто жолунун түштүк тарабындагы асылдуулугу тѳмѳн 0,15 га таштуу жайыт жер аянтын чайкана салуу үчүн айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан калктуу конуш жана башка жерлер категориясына которууга макулдук берилсин. 2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы айыл ѳкмѳтүнѳ тапшырылсын 3. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳтүнүн жерге жайгаштыруу маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
| 2.
| ||
|
|