Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-августу № 44
Суу-Башы айыл ѳкмѳтүнүн аймагынан Козубек-2 жайытына мал суу ичуучү жайдын курулушу үчүн жер аянтын бѳлүп берүү жѳнүндѳ
Суу-Башы айыл ѳкмѳтүнүн аймагынан Козубек-2 жайытына мал суу ичуучу жайдын курулушу үчүн жер аянтын бѳлүп берүү жянүдѳ айыл ѳкмѳтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин тѳрагасы Г. Караматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Суу-Башы айылдык Кеӊештин V чакырылышынын кезексиз ХXXXIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Суу-Башы айыл ѳкмѳтүнүн Кара-Токой айылынын аймагынан Козубек-2 жайытына мал суу ичүүчү жайдын курулушу үчүн 0.16 га жер аянтын бѳлүп берүүгѳ макулдук берилсин. 2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерин бекитип жагы Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккѳ укуктарды каттоо башкармалыгынан жана Баткен райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын. 3. Ушул токтомдун актарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Суу-Башы айылдык Кеӊешинин айыл чарба коммуналдык жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
| 2.
| ||
|
|