Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 31-марты № 8
2011-жылга айыл чарба салыгынан кээ бир атуулдарды бошотуу жѳнүндѳ
2011-жылга Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 181-статьясынын негизинде кѳп балалуу үй-бүлѳлѳрдү, пенсионерлерди, ветерандарды, инвалиддерди айыл чарба салыгынан бошотуу максатында
Жекенди айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айылдык округу боюнча 2011-жылга Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 181-статьясынын негизинде 831-(сегиз жүз отуз бир) кожолук салыктын түрлѳрүнън бошотулсун.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жекенди айылдык округунун улук салык инспектору А.Эшовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жекенди айылдык округунун башчысы Ш.Анапияевке, финансы-экономика бѳлүмүнүн башчысы Н.Маматовго милдеттендирилсин жана Жекенди айылдык Кеӊешинин Ѳнѳр-жай, курулуш, транспорт, соода-байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык-экономикалык ѳнүктүрүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча комиссиянын тѳрагасы А.Жакыповко жүктѳлсүн.
Жекенди айылдык Кеӊешинин тѳрагасы |
К.Калилов |